Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн 2 китепкана бар. Бири Учкун айылында жайгашса, бири Куланак айылындагы Учкун айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жайгашкан. Быйыл китепкана фондун жаңылоого жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом бөлүнгөн.
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн кеңсесинде орун алган китепкананын китеп фондусунда 4500 китеп бар. Китепкана атайын долбоорлор менен иш алып баруу менен балдар үчүн “12 жашка чейинки” жана “үй – бүлө ” менен китеп окуу деген атайын текчелери долбоордун алкагында китептерге толгон.
Ал эми китепкананын фонду жылыга жаңыланып турат. Фондду жаңылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 000 сомдон бөлүнүп келсе, быйылкы жылы бюджеттен 20 000 сом бөлүнгөн. Бул акчага балдар энциклопедиялары жок болгондуктан бардык каражат энциклопедиянын түрлөрү үчүн жумшоону максат кылып жатабыз дейт китепкана жетекчиси Бактыгүл Үсөнова.
Азыркы учур санарип жашоо болгондуктан китепкананын окурмандары кайсы куракта деп сураганыбызда төмөндөгүчө жооп алдык.
Бактыгүл Үсөнова: — Көбүнчө мектеп курагындагы жаш балдар жана пенсия курагындагы окурмандар. 3 – 4 жыл мурункуга караганда окурмандар көбөйүп калды.
Журналист: — Окурмандардын суроо талабына китепкана жооп береби?
Бактыгүл Үсөнова: — Дайым деле эмес. Кээде таппай калган учурлар болот. Ал учурда Нарын шаарынын китепканаларынан алып келүүгө туура келет. Анан көп суралган китептердин тизмесин жазып алуу менен бюджеттен бөлүнгөн акчага толуктайм.
Куланак айылынын тургуну Гүлмира Темирова китепкананын окурманы
Гүлмира Темирова: Мен айылдын китепканасынан дайыма китеп алып окуп турам. Поэзия көп окуйм. Анан Чыңгыз Айтматовдун томдорунан алам. Негизи эле китепкананын шарттары канааттандырат. Эски муундун, жаңы муундун чыгармалары бар дейт китеп сүйүүчү.
16 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан китепканачы Бактыгүл Үсөнова китепканага неберелерин ээрчитип чоң энелер көп келет дейт.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Айзат Түмөнбаева