Нарын районунун Куланак айылында жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланды. «Куланак» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары бул күнү эртең мененки 8ден кечки 8ге чейин шайлоо кандай өтүп жаткандыгына көз салып отурушту.

Куланак айылында 769га жакын түтүн жашайт. Тургундар көп болгондугуна байланыштуу эртең менен эле кезек күтүү башталган.
Куланак айылынын тургуну Жыргалбек Усупбаев “Шайлоо менимче таза эле өтүп жатат. Өзгөчөлүгү биометрикалык каттоо менен өтүп жаткандыгын айтса болот. Мыйзам бузууну деле байкаган жокмун” деп билдирди.

Техникалык жактан аппараттар бузулбай иштеп жатты.

Бирок кезек күтүү боюнча анча-мынча чыр-чатактар болуп жатты.
“Комиссияда 11, урнада 2, катчыдан бирөө жана оператордон 3 адам, тизмеде болсо 7 киши иш алып барып жатышат. Биометрикадан өтүп, бирок тизмеде жок болуп калгандар да кездешүүдө. Элдер шайлоого активдүү катышууда”, — деп билдирди участка төрагасы Чыңгыз Кемелов.
Элден сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө шайлоо жакшы өтүп жаткандыгын айтышты.

Төрага Чыңгыз Кемеловдон маалыматты тез-тезден алып турдук. Ар бир берген маалыматында бардыгы өз нугунда бара жаткандыгын айтып жатты.
Саат 8де жыйынтык чыгып, жалпы шайлоочулардын саны 1716, добуш бергендердики 815, жарактуу бюллетендердин саны 793, ал эми жараксызы 22 болуп чыкты.

Депутаттыкка 22 адам талапкерлигин койгон. Алардын ичинен 11 кишиге мандат берилмекчи.
Автор: Самара Рыскелди кызы