Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйүп жатат. Айылдык дарыгерлер ооруга чалдыкканда ФАПка кайрылууну сунушташат.
Кара-Суу айылындагы фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП) медайымы Венера Турсуналиева айылда сасык тумоо оорусу катуу күч алып жатканын билдирди.
«Сасык тумоодон сактангыла. Жаңы ооруй баштаганда дененин температурасы көтөрүлөт. Ооруп жатканда дароо ФАПтарга кайрылгыла. Оорусаңар үйдө отура бербей ФАПка келип даарылангыла. Сасык тумоо азыр ар кандай болуп кармайт, баштан, тамактан, кулактан кармайт. Ушулардын бири болсо мага келип даарыланып кеткиле, күчөп кете электе. Сасык тумоодон сактангыла, ден солукта болгула», — деп билдирди Турсуналиева.

Даярдаган: Бекзат Урманбетов
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн