Ноокат районунун Арбын айылында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо 11-декабрда болуп өттү. Айылдык кеңешке депутаттыкка 13 киши ат салышып, алардын ичинен алтоо депутат болуп шайланды.
Алар: Айгүл Мамажунусова 437 добуш, Турсунай Кадырова 397, Жаныбек Алибаев 389, Садирбек Ажибаев 344, Нурланбек Анарбаев 338, Эрмамат Осмоналиев 328 добуш менен депутаттыкка өтүштү.

№5377 шайлоо участогунда шайлоочулардын саны 2018 болсо, алардын ичинен 761 шайлоочу добуш берип, жарактуу бюллетендердин саны 740, жараксыз бюллетендердин саны 21ди түзгөн.

Байкоочу Жоодарбек Анарбаев «Шайлоо жакшы болду, эл тынч, эч кандай көйгөй болгон жок» деп билдирди.

«Депутат болсоң элдин кызматын кыласың, өзүң ойлоп ишке ашыра албай жүргөн ойлорду депутат болуу аркылуу ишке ашырса болот», — деди айылдык кеңешке депутат болуп шайланган Турсунай Кадырова.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы
Редактор: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн