Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан райондук мамлекеттик архиви 1954-жылда салынган. Архивдин жаңы имаратын салуу үчүн тиешелүү жерлерге кайрылуу жазылып, 2015-жылда куруу иштери башталган болчу. Учурда каражат жетишсиз болгондуктан курулуш иштери токтоп турат.
Бул тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн архивдин башчысы Самат Жанболотовго кайрылып маек курдук.
— Куруу иштери былтыркы жылдын 1-июнунда башталган. Бул курулуш үчүң 2 милллион 900 миң сом бөлүнгөн эле. Ушул жылдын 30-ноябрда бүтмөк, бирок каражат жетишсиз болгондуктан жаңы имараттын курулушу токтоп калды. Тендерди “Келечек курулуш ЖЧК” ишканасы утуп алган. Тендерден утуп алган 13 миллион 926 миң 569 сом болду. Бул ишкана 2 миллион 900 мин сомун иштеп бүтүштү. Курулуш иштери токтоп калганына байланыштуу ушул жылдын декабрь айында кайрылдык, жообу келе элек, күтүп жатабыз. Азыр курулуштун 21 пайызы бүтүп калды, алдыда дагы 79 пайыз куруу иштери турат.


Даярдаган: Тажиева Аима
Редактор: Касымалиева Айчолпон
Сынак үчүн