Нарын районуна караштуу Куланак айылында быйылкы жыл кургакчыл болгон. Ошентсе да кеч башталган оруп-жыйноо иштерине тургундар кызуу киришүүдө.
Айыл тургуну Кылыч Тостоков быйылкы жай кургакчыл болгондуктан жыйым-терим кеч башталганын айтып, ага кошумча техника жетишсиз болууда дейт.
«Айылда болгону үч комбайн гана ишке жарактуу. Калганы болсо оңдолуп жатат», — дейт Тостоков.
Айылдагы кырмандын ээси Камчыбек Андашов болсо, эгиндерди тазалоого кырман даяр экендигин айтты.
«Болгону эң эле негизгиси — бул жарык. Эки күндүн биринде жарык өчүп, буудай тазаланбай турат», — деп тынчсызданды Андашов.
Даярдаган: Самара Рыскелди кызы