Кулатов айыл өкмөтүндөгү Т.Айбашев атындагы орто мектептин башталгыч класс мугалимдери жана окуучулары «Билим үчүн азык жана балдардын туура тамактануусу» долбоорунун алкагында уюштурулган «Окурман автобус» иш-чарасын уюштурушту. Иш-чаранын өткөрүү үчүн атайын микро автобустун жол киреси уюштуруучулар тарбынан төлөнүп жүргүнчүлөр Кулатов айылынан Кызыл-Кыя шаарына акысыз жеткирилди.
Жүргүнчүлөргө окуучулар тарабынан түрдүү суроолор берилип, аларга арнаган ыр, көркөм окууларын тартуулашты. Шаарда микро автобустар токтоочу жайдагы айдоочуларга китепке байланышкан суроолорду беришип, жооп берген адамдарга гүл таттуларды белеке беришти.Окуучулар жомок каармандарын чагылдырып, ролдоштурулган жомокторду аткарып беришти. Жүргүнчүлөр уюштурулган иш-чарага өздөрүнүн ойлорун айтышты. Баглан айылынын жашоочусу Махабат эже иш-чаранын өтө коомго тийгизген таасири чоң экендигин белгилеп, уюштуруучуларга жана окуучуларга ыраазычылык билдирди. Окуучулардын берген суроолоруна жооп берип, кең келечек каалады. «Окурман автобустун» уюштуруучусу Т.Айбашев атындагы орто мектептин китепканачысы Матраимова Аиса: «Бул иш-чаранын максаты коомдун китепке болгон кызыгуусун арттыруу жана ата-энелер менен мектептердин байланышын күчөтүү болуп эсептелерин» айтты.
Даярдаган: Жалалова Таңнуру