Ноокат районунун Кулатов айылында «Аялдар комитетинин ишмердүүлүгү» деген темада радио уктуруу болуп өттү. Конокко аялдар комитетинин төрайымы Чодонова Өктөм, аялдар комитетинин мүчөсү Алиаскарова Ырысбүбү, Арык-Тейит айылынын тургуну Сыдыкова Анипалар болушту. Талкууда аялдар комитетинин ишмердүүлүгү жөнүндө ой пикирлер айтылды.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак мульти медиа борборунда 31-июль күнү саат 10:00 дө Демократия сааты уктуруусунда «Аялдар комитетинин ишмердүүлүгү» деген темада радио уктуруу болуп өттү. Радио уктурууда аялдар комитетинин ишмердүүлүгү, кандай иш алып барып жатышат ошолор жөнүндө талкуу болду. Калк арасынан алынган сурамжылоонун негизинде бир нече ойлор айтылды. Аялдар комитетинин төрайымы он айылдан бирден мүчө шайлап алынгандыгын айтып, иш алып барууда жеңил болорун түшүндүрдү. Аялдардын социалдык абалын тактоодо медикос жана айыл өкмөттүн социалдык адиси менен тыгыз байланышта иш алып барабыз жана жардамга муктаж аялдарга тиешелүү жардам көрсөтүп турабыз деп билдирди. Жылдык иш пландын негизинде иш алып бара тургандыгы боюнча аны айыл өкмөт башчысы бекитип, көзөмөлдөрүн айтты. Угуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берүүгө да жетишти. Арык-Теит айылынын тургуну Эргешова Карамат эжекенин суроосуна төмөнкүдөй жооп берди. Келечекте аялдар үчүн жумуш орундарын көбөйтүү максатында долбоорлор менен иш алып бара тургандыгы жөнүндө айтып өттү. Андан сырткары, үйүндө отурган үй кожойкелер үчүн «Тамак ашты жакшыртуу» деген долбоор менен иштешип, айыл өкмөт боюнча жетимиш сексен аял менен иштешип, натыйжасын көрүп тажрыйба алмашып жаткандыгы боюнча айтып өттү.
Даярдаган: Жалалова Таңнуру, Кожоева Асылкан