Кулатов жергесинде «Ыкчам келинчек» аттуу тандоо болуп өттү. Анда айыл аймагына кирген жети айылдан жети келин таймашты.
Катышуучулар сынакка даярдыктарын бир ай мурда баштагандыгын айтышты.
Мелдештин катышуучулары өз өнөрлөрүн көрсөтүү менен катар, кыргыздын ар түрдүү даамдарын жасашты жана келин менен кайынененин ортосундагы мамилени сахналаштырып чагылдырышты.
Таймашта өз таланты менен алдыга чыгып, Арыктейит айылынын катышуучусу Алтынай Камчиева жеңишке ээ болду.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө БУУнун аялдар түзүмү белектерди ыйгарды.
Көрүүчүлөр ушундай таймаштар мындан ары да уюштурулуп туруусун айыл өкмөткө билдирип, өз ыраазычылыктарын айтышты.
Автор: Кызжибек Жыргалбек кызы