Ноокат районунун Куу-Майдан айылында жаз эрте келгенине байланыштуу жазгы себүү иштери да эрте аяктады.
Эрте жаз келээри менен айылдагылар жаздык буудай, арпа себишет.
Тракторчу Абдимитал Разыковдун айтымында, бир гектар кайрак жерди 2000 сомдон айдалууда.
Дыйкан Камил Мадраимов бир гектар кайрак жерге буудай себүү үчүн 200-250 килограмм жазгы буудай урук алаарын айтат. Урукту кээ бир дыйкандар базардан алса, кээ бирлеринин өздөрүндө болот дейт Мадраимов.
Бир килограмм уруктун баасы базарда 15-25 сомго чейин болууда.
Даярдаган: Курсантбек Кожон уулу