Төлөк айылында дүкөндөр аз жана чакан болгонуна байланыштуу, айыл тургундары райондун борборунан соода кылышат. Дүкөнчүлөрдүн алып келген азык-түлүктөрү айыл жергесине кымбат келет, себеби айыл райондун борборунан алыс болуп, жол кире баасы кошулат.
Пандемия учурунда көпчүлүк эл азык-түлүктөрдүн кымбатташына кабатыр. Анткен менен күнүмдүк оокат үчүн кымбатына карабай соода кылууга туура келет. Ал эми чакан дүкөндөрдүн биринин ээси Мираида Жекшенбек кызы кымбатчылык алар үчүн да ыңгайсыз жаратып жатканын билдирет:
«Пандемия биздин соодага өтө тоскоол болуп жатат, акыркы жылдарга салыштырмалуу соода иши өтө жайлады. Сооданын жайлап калышынын себеби, биринчиден, адамдар бул илдеттин айынан үйүнөн көп чыкпай калышты, экинчиден, баалардын кескин кымбаттап кетиши. Күнүмдүк турмушта керек болуучу кант, май, чай, самындар мурунку баасынан эки эсе кымбаттап, биз да райондон ченелүү гана санда алып келип сатуудабыз».
Дүкөнгө күнүмдүк колдонуучу азыктар гана келет
Ал эми жакында гана чакан дукөн ачкан Роза Мураталиева:
«Пандемия учурунда айыл элин азык-түлүк менен камсыздап туруу үчүн чакан дүкөн ачтык эле, сооданын өнүгүп кетишине товарлардын кымбаттыгы бир аз тоскоол кылууда. Өзүбуз райондон алып келип бир аз өлчөмдө сумма кошобуз, ага карабай элге кыйын болуп жатат. Бир жагынан кымбатчылык, экинчи жагынан оору. Мурунку менен азыркы бааны салыштырганда аябай эле чоң айырмасы бар. Анткен менен күнүмдүк оокаттар бир аз өтүп турат», -дейт.
Роза Мураталиева чакан дүкөндүн ээси
Пенсия жашындагы Кемел Абдиев: «Пандемия карапайым калкка оор сокку болду, оору-сыркоо көбөйдү, азык- түлүктөрдүн баасы көтөрүлдү. Жеке мен үчүн тамак- аштын кымбатташы өтө деле кыйынчылык жараткан жок. Кыйналсак да күнүмдүк оокатыбызды сатып алууга туура келет. Кудайга шүгүр пенсияны бардык керегибизге жеткирип жатабыз. Ал эми пенсия албагандарга кыйын эле болот. Анткени аларга атайын акча бөлүнүп берилбейт. Мен өзү айылдан көп нерсе деле ала бербейм, көбүнчө Кочкорго барып соода кылам, же балдарым райондун борборунан алып келип берет, айылдан алалык десек кымбатыраак.»
Кемел Абдиев
Наима Абдиева, Айбийке Касымбекова