Кочкор районунун Төлөк айылында 1500дөй калк бар. Аларды тейлөөдө айыл өкмөттүн орду чоң. Ал эми ковид-19 илдети менен күрөшүүдө айыл өкмөттүн кызматкерлери мекемелер, айыл тургундары менен тыгыз иш алып барышууда.
«Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Райымбек Алымбаев менен маектешкенибизде төмөндөгүдөй маалыматтарды ала алдык.
— Саламатсызбы?
— Саламатчылык!
— Өлкөдө вакцинациялоо жүрүп жаткан учур, ФАПтын кызматкерлери бул ишке кайдыгер карабай вакцина алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аны менен катар эмдөө дагы кылып жатышат, бул ишке айыл өкмөттөн кандай жардамдар болууда?
-Ооба, эмдөө иши жаз айларында башталган. Бирок ал мезгилде эл арасында туура эмес маалыматтар тарап, элдер вакцина алуудан кооптонушуп, баш тартышкан. Ошол мезгилде айыл боюнча 8 гана адам вакцинаны өз каалоосу менен алышкан. Ошондо айыл өкмөттүн кызматкерлери врачтар менен кошо түшүндүрүү иштерин кылууга алар менен чогуу чыгып, жайлоолорго чейин барып кыдырып келгенбиз.
—Ошол эл кыдыруунун натыйжасы кандай болду?
-Кыдыруунун жыйынтыгында бир аз айыл тургундары жакшы маалымат алышып, жалган маалыматтарга ишенгендерине өкүнүшүп, дароо өз каалоолору менен вакцина да алышты. А айрымдары алуудан баш тартышты, эми алар дагы деле жалган маалыматтарга ишенип жатышат.
-Ошондо Төлөк айылында канча адам вакцина алды маалыматыңыздар барбы?
— Вакцинаны алуу 2 тур менен өттү, жалпы 655 адам эмдөөдөн өтүштү.
— Ковид-19 илдети менен катталгандар азырынча жок экен, бирок элдер санитардык эрежелерди сакташуудабы?
— Эрежелер сакталып жатат. Көбүнчө мекемелерде жакшы сакташууда. Ал эми көчөгө топтолгондор, кошуна-колоңго каттагандар эреже сактабай жатышат. Биз аларга эскертүү берип чараларды көрүүдөбүз. Мектепке, бала бакчага тынымсыз барып эрежелерди сактап жаткандарын көзөмөлдөп жатабыз. Антисептик жагынан жардам берүүдөбүз. Айрым спонсорлор мектепке, бала бакчага атайы санитардык эрежелерди сактоочу каражаттарды алып беришүүдө. Өкмөт тарабынан буйруктар чыгып, аны аткарууга алып иштеп жатабыз. КОВИД-19 илдетинен сактанууга керектөө үчүн деп да акча каражаты которулган.
— Ал эми пандемия учурунда миграция маселеси кандай болууда?
— Ооба, бул маселе курч маселелердин бири. Биздин айылда дагы ички жана сырткы мигрант болуп кеткендер бар. Көбүнчөсү ички мигранттар жумуш издеп Бишкек шаарына кетишкен. Алар үй-бүлөлүү жаштар.
-Сырткы мигранттар кайсы өлкөгө көп кетишет жана эмне үчүн?
-Россияга кеткендер эң көп, андан кийин Туркияга кеткендер. Атайын окуганы жана мамлекеттик жумуш менен иштеп кеткендер жок. Бардык сырткы мигранттар убактылуу иштеп жүрүшөт.
-Ошол сырткы мигранттардын канчасы аялдар жана эркектер, алар эмне жумуш кылышат?
-Аялдарга караганда эркектер көп. Аялдар тазалоочу жумуштар да иштешсе, эркектер курулуш иштеринде иштеп жатышат.
“Соң-Көл” айыл өкмөтүнүн соцкызматкери Махабат Аблабекова менен маектешкенибизде ал төмөндөгүдөй маалыматтарды берди.
-Сырткы жана ички мигранттар канча адам?
-Учурда 12 адам сырткы миграцияда жүрсө, 24 адам ички мигранттар.
-Пандемия учурунда мигранттардын саны өзгөрдүбү, сурайын дегеним айылга кайтып келгендер көппү же кеткендер көппү?
-Акыркы бир жыл ичинде ички мигранттар көп кайтып келишти, анткени өлкөдө жумушсуздук күч алып, иш таппай келишкендер азыр да айылда жүрүшөт. Ал эми сырткы мигранттарда көп деле өзгөрүү болгон жок, айрымдары гана кайтып келишсе, көпчүлүгү азыр да келе элек. Жай мезгилинен бери сырткы миграцияга кетүүлөр каттала баштады.
Алмаз Исманов: ”Экология жана миграция маселелери өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында кездешет”
Мыктыбек Конокбай уулу, Айзуура Айдархан кызы