Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен 8-ноябрь — “Ата-Бабаларды эскерүү күнү” деп бекитилди. Ага карата 7-ноябрда Тоң районундагы Кара-Талаа айылында саяк уруусунун чыгаан уулу Кудайменде бабанын 300 жылдык мааракесине арналган иш чара болуп өттү.
Бул чоң майрамга Кыргызстандын ар тарабынан келген коноктор катышты.
“Биз дагы, Жайыл районунун Кара-Суу айылында жашаган Кудайменде атанын тукумдары бул чоң майрамга конок катары чакырылдык”, — деди Жайыл районундагы Кара-Суу айылынын тургуну Чакчагаев Султаналы.
Кара-Суу айылында Кудайменде атанын тукумдары мындан 250 жыл мурун, Жангарач бийдин иниси Качыке менен бирге келип, Кара-Суу айылын түптөшүп, отурукташып калышкан экен. Андан бери далай жылдар өттү. Кара-Суу айылында азыр кыргыздын солто, саяк, азык, кушчу жана саруу уруулары турат.
Эл оозунда төмөнкүдөй айтылып келет: “Жангарач иниси Качыкени чек араны карап, ошол жакта жаша” деп, жиберген дейт. Мына ошондон бери, тагдырдын салганына баш ийишип, Ысык-Көлдөн келген, Кудайменде атанын тукумдары Кара-Суу айылында жашап келе жатышат. Алар төрт бир туугандын улуусунун тукумдары. Ал эми үчөөнүн тукумдары Ысык-Көлдөгү Кара-Талаа, Сары Камыш айылдарында жана Балыкчы, Бишкек шаарында турушат.
Кара-Талаа айылындагы ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш чарада Кудайменде бабанын арбагына куран түшүрүлүп, айкелинин ачылуу аземи болуп өттү.
Көлдүн жээгине жакын жерге даярдалган конокторду тосуу үчүн тигилген боз үйлөргө барып, даам ооз тийип, кыргыз артисттеринин концерт коюлган. Андан кийин коноктор чоң ат чабышка күбө болушту.
Уткандар жеңил автомашина жана башка байгелер менен сыйланышты.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзаада.