Нарын облусунун Ат- Башы районундагы Калинин айылынын 20 жаштагы тургуну Нурсултан Жакшылык уулу эт багытындагы тоок өстүрүп өзүнүн чакан ишкерлигин баштаган. Ал “бройлера кобб 500” породасындагы тоокторду өстүрүп жашаган аймагына сатат. Алдыда талапка ылайык тоок багуучу жай салып, тооктордун санын көбөйтүп жана жумуртка багытындагы дагы тоокторду багууну пландап жатат.
Нурсултан педагогикалык билим алган башталгыч класстын мугалими. Бирок, учурда кесиби боюнча иштебейт. Ковид-19 пандемиясынан улам карантин учурунда тоок бизнесин ачуу идеясын ишке ашырып баштаган. Ал эт багытындагы тоокторду алгач икубатордон чыкканда сатып алып чоңойтуп сатат. Бул тооктордун артыкчылыгы салмагы 5килограммга жетип, 45 күндө сатууга даяр болуп калат:
“Мен бизнес идеялар боюнча түрдүү китептерди окуп жана ютубдан видеолорду көрүп жатып тоок бизнесин ачууну ойлонуп сынап көрөйүн деп чечтим. Дароо эле эт багытындагы тоокторго өткөн жокмун. Алгач өзүбүздүн жергиликтүү тооктор менен эле баштагам. Алардын жумурткаларын инкубаторго салып. Бирок, бул анча жакшы киреше алып келбегендиктен породалуу тоокко өтөйүн дедим. Башында Бишкектен 50нү алдырдым андан кийин көнүп баштаганда көбөйтүп отурдум. Учурда өтө муздак болуп кеткенине байланыштуу убактылуу токтотуп турам. Жаз келсе кайра көп өлчөмдө алып улантам.”
Тооктун этине суроо талап жогору
“Мурда биздин аймакта тооктун эти көп бааланчу эмес. Анын себеби эттин баасы 250сом болсо учурда 450сомго жетти. Ал эми тоок этинин 1кг 250 сом. Анын үстүнө таза багылган эко продукт болгон үчүн дагы суроо талап жогору. Мен аларды вотсап, телеграм группалар аркылуу сатам. Бат эле түгөнүп калат кардарлар көп. Болгону өзүм муну дагы кеңейтишим керек болуп жатат.
“Азыр алдыда жумуртка багытында дагы 100 жөжө алып келип өстүрсөмбү деп жатам. Анткени бизде тоок жумурткасына дагы суроо талап жогору.”
Бишкек шаарынын тургуну Эмилбек Момунов эт жана жумуртка багытындагы тоокторду өстүрүп чакан ишкерлик кылып келет. Тоок чарбасын иштетүүдө 6 жылдык тажрыйбасы бар Эмилбек Момунов тоок бизнесинде артыкчылыктарга токтолуп, ата мекендик өндүрүштү жандандырып өнүктүрүү керектигин белгилейт. Муну менен биз тамак-аш коопсуздугу маселесин чечип жатабыз деп билдирет. Ошондой эле аны менен катары түйшүгү бар экенине токтолот:
“Бул багыттын келечеги бар. Биз тоок эти менен жумурткасын чет өлкөдөн Кытайдан бери ташып келип жатпадык беле. Тоок чарбасын өнүктүрүү менен сырттан келген азык-түлүктү толук токтотпосок да кайсы бир деңгээлде азайтып, ата мекендик өндүрүштү жандантууга, экономикага салым кошуп жатабыз деп ойлойм.”
Ал эми бул багытта жаңы ишкерлик баштайм деп жаткандарга мен эң биринчи пландоо керектигин айтат элем. Бул эртең менен чыгарып коюп кечинде киргизип күнүнө бир жолу жем чачып коюу менен бүтпөй турган иш. Эгерде тоок чарбасын жогоркуу деңгээлде өзүнүн эрежеси менен ферма түзөм деген ишкер болсо ага илимий түрдө мамиле жасоо керек. Атайын окуудан өтүү зарыл. Оң жана терс жактарын таразалап чыгуу керек. Тооккананы салгандан баштап, убагында ветеринардык көзөмөл кызуу майда -чүйдөсүнө чейин аныктап жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керек. Бир сөз менен айтканда жеңил-желпи мамиле жасабаш керек.”
Койдун жүнүн кайра иштетип ишкерлик кылган айымдар
Декреттик өргүүдө ишкерликти баштагам
Табигый азык жасап ишкерлик кылган жаш үй-бүлө
Айгерим Кубатбекова