Кыргызстанда үй-бүлө мүлктөрү дээрлик көп учурда эркек адамга катталат. Тактап айтканда күйөөсү, кайын атасы жана башка. Расмий булактарда өлкөдөгү кыймылсыз мүлктүн канча пайызы аялга же эркеке катталгандыгы тууралуу маалымат жок. Ошондуктан Жамааттык Медиа региондордогу кабарчылар менен биргеликте калк арасында сурамжылоо жүргүзүп, төмөнкүдөй маалыматтарды чогултту.
Жалпысынан сурамжылоого ар бир облустан 100 үй-бүлө, анда 562 аял 138 эркек катышып, анын көпчүлүк пайызы үй-бүлө мүлктөрү эркек адамга катталарын билдиришкен.
Байкалгандай сурамжылоого катышкан 80% үй-бүлөнүн мүлктөрүнүн документалдуу ээси бул же күйөөсү же күйөөсүнүн ата-энеси. Адатта мындай чечимдерге келгенде үй-бүлөдө кимге каттатуу туурасында сөз да болбойт, себеби бул алдын ала анык нерсе. Ал эми сурамжылоонун катышуучулары кантип жооп берди, көрүңүз:
Гендердик эксперт Римма Султанова калыптанып калган көз караштар, ченемдердин негизинде ушундай абал орногон дейт. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык биз бул стереотиптерден арылуубуз керек. Бул нерсе аялда ички өзүнө болгон ишенимсиздикти пайда кылып, конфликтке ыктайт. Үй- бүлөнүн бактылуу болушу үчүн, жакшы жашоодо жашоосу үчүн аял менен эркек бирдей аракет кылып, бирдей салым кошот. Ошол себептүү бардык шартта алар тең, адилеттүү болушу керек.
Эскерте кетсек жыл сайын ажырашуулардын саны өсүп келет. 2021-жылы ажырашкандардын саны 2020-жылга салыштырмалуу үч миң үй-бүлөгө көп. Эки жолго түшкөн үй-бүлөлөрдө финансылык жактан дээрлик көп убак аялдар жабыркап келет. Мүлк бөлүштүрүүдө аялдар өз укугун коргоо үчүн укук коргоочуларга кайрылышат, бирок ал ар дайым эле адилет же аялдар тарабына чечиле бербейт дейт адистер.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында да үй-бүлө мүлктөрү анын мүчөлөрүнө бирдей тийиштүү экендиги жазылган.
Зыйнат Самар кызы
Бул материал Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги ишке ашырган долбоорунун алкагында АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Макалада айтылган ой-пикирлер USAID жана Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн пикирин милдеттүү түрдө чагылдырбайт.