1-ноябрда Көп тараптуу Консультативдик Кеңештин мүчөлөрүнүн “Кыргызстандагы ЖМКнын өнүгүү көрсөткүчтөрү” изилдөөсүнүн баяндамасын жана сунуштарын талкуулоо болот.
Бул долбоор Алматыдагы ЮНЕСКОнун кластердик бюросунун байланыш жана маалымат бөлүмүнүн колдоосу менен Кыргызстандын коммуникаторлор ассоциациясы тарабынан ишке ашырылууда.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандагы ЖМКнын өнүгүү көрсөткүчтөрүн изилдөөнүн жыйынтыктары жана сунуштар боюнча презентациялар болот.
Бул жолугушуунун максаты – изилдөөнүн натыйжалары жана сунуштары боюнча Көп тараптуу Консультативдик Кеңештин мүчөлөрүнүн пикирлерин, сын-пикирлерин жана сунуштарын талдоо.
Көп тараптуу Консультативдик Кеңештин изилдөөчүлөр тарабынан иштелип чыккан сунуштарды толуктоо максатында медиа өкүлдөрдөн, илим чөйрөсүндөгү изилдөөчүлөрдөн, жарандык коом уюмдарынан жана БУУнун системасынан адистерден турган кызыкдар тараптарды чакырды.Бул ЮНЕСКОнун Коммуникацияны өнүктүрүү боюнча эл аралык программасы (IPDC) тарабынан колдоого алынган Кыргызстандагы биринчи ЖМКнын өнүгүү индикаторлору боюнча отчет.
Көп тараптуу Консультативдик Кеңештин жыйыны 2022-жылдын 1-ноябрында саат 09.30да Bridges мейманканасында өтөт.
Көп тараптуу Консультативдик Кеңеш — изилдөө тобунун ишин көзөмөлдөө жана баалоо процессин ишке ашырышкан өлкөдөгү улуттук кызыкдар тараптардын жана дайындалган мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн катышуусу менен, өкмөттүк эмес уюмдар, профсоюздар жана бирикмелер, университеттер жана медиа тармагынын өкүлдөрүнүн ортосунда көпүрө түзгөн мүчөлөр.
Иш-чарага катышуу үчүн шилтеме: https://unesco-org.zoom.us/j/83480238171
Байланыш үчүн телефон:
Элира Турдубаева
Кыргызстан байланышчылар ассоциациясынын төрайымы
0700093097