235 пил. Бул кыргызстандыктар жылына чыгарган таштандынын жалпы салмагы — же тактап айтканда 1,2 миллион тонна. Ал эми ар бир кыргызстандык жылына орточо эсеп менен 180 кг таштанды чыгарат. Ушул жана башка таштанды көйгөйлөрүн биздин макалада сөз кылабыз.
Сүрөттүн автору Михаил Дудин
Дүйнөдөгү экологиялык жактан эң таза өлкөлөрдүн рейтингин Экологиялык саясат жана укук борбору жүргүзөт. 2020-жылы Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 105-орунду ээлеп, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн: Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан кыйла артта калган.
Кыргызстандыктардын таштанды челегинде эмнелер бар?
Көпчүлүк бөлүгү- азык-түлүк жана кагаз калдыктары сыяктуу үй-тиричилик таштандылары. Алар калдыктардын төртүнчү классына кирип, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында 2020-жылы көлөмү 2 млрд тоннадан ашкан.
Башка класстагы калдыктардын көлөмү салыштырмалуу аз, бирок алардын таасири бир кыйла коркунучтуу. Биринчи класска өтө коркунучтуу (сымап, термометрлер, оор металлдар), экинчиге - өтө коркунучтуу (эски батареялар, аккумуляторлор, мотор майлары), үчүнчүгө ацетон, бензин, марганец жана башка ушул сыяктуу орточо коркунучтуу заттар кирет. Булар экологияга олуттуу өзгөртүүлөрдү алып келип, калыбына келтирүү үчүн жок эле дегенде 30 жыл талап кылынса, ал эми кээ бир учурларда, калыбына келтирүү процесси такыр эле жокко эсе.
Ош шаарынын тургундары эң көп таштанды чыгаруучулар– жылына бул дээрлик 420 миң тонна таштанды. Ош шаары биринчи орунда турганынын себеби ага жакын жайгашкан бардык аймактардын таштандылары борборго чогулат, ал эми Бишкек шаарына төрт гана райондун таштандылары чогулат.
Кыргызстандыктар таштандыдан кантип арылат?
Жарымына жакыны таштанды челектерине ыргытса, ар бир төртүнчү жаран таштандыларды өрттөп, экологияга олуттуу зыян келтирип, абанын булганышына себепкер болууда.
Чогулган таштандынын мындан аркы абалы…
"Таштанды контейнерге ыргытылгандан кийин атайын унаалар таштанды полигонуна алып кетишет, ал жерден өзүнөн-өзү тутанып, өрт пайда кылган метан газдары пайда болуп, абаны абдан булгайт", - дейт Wastenet.KG долбоорунун экологу Азамат Канатов.
Экологдун айтымында жерге көмүлгөн же жөн эле бир орунда чогула берген таштандылардын жер астындагы сууларга өтүп кетүү коркунучу бар. Ал гана эмес, бул жердин курамын бузат. Бак-дарактар, жер-жемиштер көп жылга өспөй калат. Мисалы жер астында калган пластик 400-500 жылда да араң кана жок болушу мүмкүн.
Эмне кылуу керек?
Таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү бул көйгөйдү чечүүнүн алгачкы жолдорунун бири. Мамлекеттик таштандыны кайра иштетүү пункттары борбордо дагы, аймактарда дагы жок. Бирок жеке пункттар бар, алар негизинен Бишкек жана Каракол шаарларында жеткиликтүү.
Маалымат үчүн, сиз издөө тиркемелери аркылуу өзүңүз жашаган аймактагы таштандыны сорттоп, кайра иштеткен мекемелерди таба аласыз.
Көйгөйдүн глобалдуулугуна карабастан, бул маселе боюнча өкмөттүн пикирин биле алган жокпуз. Жаңы түзүлгөн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги учурда өлкө боюнча кайра иштетүүчү ишканалар боюнча так маалыматы жок экенин жана маалыматтар такталып жатканын билдирди.
Авторлор: Зыйнат Самар кызы, Касиет Кубанычбек кызы
Дата-редактор: Айзада Тома