Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундарда эрте курактагы балдарды өнүктүрүү жаатында иштеген билим берүү мекемелери, уюмдар жана ишканалар үчүн бизнес акселераторуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алып баштады.
Тандалган компаниялар бизнес жана эрте билим берүү жаатындагы мыкты жергиликтүү жана чет элдик адистерден 7 жумалык акысыз окутуудан өтүшөт. Ар бир катышуучунун жеке ишкер консультанты болот, ал эми ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр өз долбоорлорун тааныштыргандан кийин, инвестициялык комитет менен сүйлөшүп, өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 50 000 долларга чейинки инвестицияларды алуу мүмкүнчүлүк алышат.

24-апрелде, Ош шаарында, Accelerate Prosperity бизнес акселератору, JIA Бизнес Ассоциациясы менен биргеликте, Ош облусунун эрте курактагы балдарды өнүктүрүү жаатында иштеген 50гө жакын билим берүү мекемелери, уюмдар жана ишканалар үчүн акысыз бизнес-диагностикасын баштады, ошондой эле маркетинг, салык, юридикалык жана каржы маселелери боюнча консультацияларын берүүдө.
Бизнес акселератору АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланган “Жергиликтүү өзгөрүү” долбоорунун алкагында уюштурулган.
Конкурска бала бакчалар, кошумча билим берүү мекемелери жана балдардын эрте өнүгүүсү үчүн башка билим берүү мекемелери катыша алат. Алардын кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы жана жылдык кирешеси 250 миң сом болушу керек.Программага катышуу үчүн 8-майга чейин анкетаны толтуруу керек.

“Бул иш-чарада жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин (бала бакчалар жана өнүгүү борборлору) ээлери үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сөз болуп жатат. Accelerate Prosperity уникалдуу акселерациясын жүргүзөт. Бул бала бакчалардын жана борборлордун өсүшүнө жана өнүгүүсүнө багытталган программа, биз ишкананын алсыз жактарын аныктоого, бизнес процесстерди түзүүгө жана программанын катышуучуларына 7 жумалык тренингдин жүрүшүндө жетекчилик кылабыз. Бул программанын баалуулугу — бул бизнес трекерлердин, кесипкөй бизнес эксперттердин билими, алар менен жеке иш алып баруу”, — деди Accelerate Prosperity компаниясынын бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери Бибинур Алибаева.
КОНКУРС ШАРТТАРЫ:
–– Конкурска катышуу үчүн, 2021-жылдын 15-майынын 23:59 чейин кечиктирбестен онлайн-анкетаны кыргыз же орус тилдеринде толтурушуңуз керек – https://kg.accelerateprosperity.org/ecd
–– Белгиленген мөөнөттөн кийин толтурулган арыздар комиссия тарабынан каралбайт;
–– Конкурстун биринчи турунан өткөн ийгиликтүү талапкерлер гана тандоо комиссиясынын маегине чакырылат;
–– Жатакана, тамак-аш, транспорттук чыгымдар катышуучу тарабынан каржыланат;
— Бизнестин-акселератор Бишкек шаарында өткөрүлөт.

⠀Сынак жөнүндө көбүрөөк маалымат жана катышуунун шарттары туурасында бул шилтема аркылуу кирип көрө аласыз https://kg.accelerateprosperity.org/ecdsouth . Ал эми суроолор боюнча + 996 (990) 935-008 номерине кайрылсаңыз болот.
Белгилей кетсек, долбоор Accelerate Prosperity Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун (AKDN) демилгеси жана АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) тарабынан каржыланат.USAID жана Ага Хан Фонду “Жергиликтүү өзгөрүү” долбоору тармактардагы жана бир нече өлкөлөрдөгү аялуу жамааттардын арасындагы негизги көйгөйлөргө жаңы, инновациялык чечимдерди табууга умтулат.
Ишкерлик баштайм деген элеттик айымдар үчүн мүмкүнчүлүк
Эл аралык талаптарга жооп берген кийиз буюмдарын өндүргөн Барскоондук айымдар
Инкубатор аппараттарын жасап саткан Мамадалы Мамбетов
Айгерим Кубатбекова