Кыргызстанда жаштар саясатын жүргүзүү жана аларын потенциалын арттыруу максатында 2018-жылдан тарта жаштар борбору иш алып барып келет. Өлкөнүн жети дубанында 32 жаштар борбору ачылган. Бул борборлор менен жаштар кантип иштешип, алардын кызматынан пайдалана алат? Алдыда бул жана башка суроолорго жооп алыңыз.
Жаштар борбору жана алардын аткарган иштери тууралуу биздин суроолорго борбордун координатору Нурила Дүйшеева жооп берди.
Бишкек шаарындагы жаштар борбору 2018-жылдын ноябрь айында КР Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан жаштар күнүнө карата ачылган. Негизги максаты – жаштарга платформа түзүп берүү. Анда, жаштардын идеялары, долбоорлорун ишке ашырууга, кошумча билим алууга, тренинг, сессияларга катышуусуна көмөк көрсөтүлөт.
Жаштар борбор бир нече багытта иш алып барат. Өспүрүм балдарга жана жаштарга коопсуз жай түзүп берүү. Анда жаштар убактыларын пайдалуу өткөрө алат. Борбордо бүгүнкү күндө жаштар үчүн маанилүү болгон англис тили, математика, ыктыярчылык, дебаттык, экологиялык клубдар иш алып барат. Анткени, аталган клубдар өспүрүм балдардын, жаштардын коомдо калыптанышына чоң жардам берет. Алардын потенциалын ачат жана лидерлик сапаттарын курчутат. Ал эми социалдык долбоорлорду ишке ашыруу – AFEW Кыргызстан коомдук фонддун колдоосу менен борбордо — девианттык жүрүм-турумду, укук бузууну алдын алуу боюнча иш жүргүзүлөт. Ошондой эле ар бир өспүрүм балдар, жаштар, алардын ата-энелери психологдун, социалдык кызматкердин кызматтарын акысыз түрдө ала алышат.
Мындан тышкары, сергек жашоо багытталган иштер жүргүзүлөт. Жаштар борборунда «теңме-тең» принцибинин негизинде жаштардын, анын ичинде турмуштун оор кырдаалына кабылган балдардын потенциалын жогорулатууга, алардын кызыкчылыктарын илгерилетүүгө арналган иштер өткөрүлөт. Атайын даярдалган жаш-лидерлер Dance4life программасы менен жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, репродуктивдик ден-соолукту сактоо жана чыңдоо, ВИЧ-инфекциясын алдын алуу жана жаштардын жеке потенциалын өнүктүрүү боюнча иш алып барат. Ошондой эле жаштар менен иш алып барган уюмдарга иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча түзүп берилет.
Республика боюнча жайгашкан борборлор – жаштардын потенциалын өнүктүрүү жана жаштар саясатын жүргүзүүдө алардын катышуусун камсыздоо жана кошумча билим берүү максатын көздөйт. Өлкөнүн жети дубанында 32 жаштар борбору орун алган. Алар: Ысык-Көл облусунда -4, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 3, Нарын облусунда – 7, Ош облусунда – 4, Талас – 7, Чүй облусунда — 4 жаштар борбору иш алып барат.
Жаштар биздин борбордо ыктыярчы катары иш алып барса болот. Бул долбоорлорду ишке ашырууга жардам берүү, атайын окуудан өтүп, теңме-тең лидер болуп тренингдерди өткөзүү. Өз кызыгуусуна жараша клубдарга кошулса болот. Ошондой эле иш-чара, акция, тренингдерди өткөрүүгө аянтча алса болот.
Азыркы учурда биз коомдук фонд AFEW Кыргызстан, Youth Of Osh жана TechAiym уюмдары менен ЮНИСЕФ балдар фондунун техникалык колдоосу менен Кыргызстандын 11 аймагында Жаратман Жаштар долбоорун баштадык. Балдарга жана жаштарга жагымдуу шаарлар жана айылдар демилгесинин жайылтуу максатында ишке ашырылып жатат. Ар бир аймактагы жаштар, өспүрүм балдар, алардын ата-энелери, борбордун кызматтарын акысыз алат алат. Консультациялар 0770 807 085 номери боюнча көрсөтүлөт.
Жаштарды өнүктүрүүчү борборлор
Айылдагы жумушсуздук көйгөйүн чечүүгө умтулган Миң-Куш жаштар борбору
Керектүү! Англис тилин өздөштүрүүгө акысыз ресурстар
Жеңишгүл Тоголокова: Алты саным аман туруп жашоого наалат айтпаганды үйрөндүм
Касиет Кубанычбек кызы