Таласта шаарындагы меш жасоочу адис Сергей Корнищиндин 15 жылдык тажрыйбасы бар. Ал Талас тургундарынын үйүнүн жылуулугун камсыздап, жогору сапаттагы мештерди жасайт.
Үй жылыткыч көп жыл кызмат кылуу учун 3 кеңеш менен бөлүштү:
1. Жаз келери менен морду тазалоо керек. Себеби, жаан жаган сайын толуп турган мор суу болуп, батыраак чирий баштайт.
2. Жайында батарейкалардын суусун төгүү кереги жок. Анткени, суусун төгүп салып, күзүндө кайра толтурганда, ичинде аба туруп калат. Ал жылуулукка тосколдук кылат.
3. Көмүрдү эрте жайда сатып алуу. Үй ар дайым жылуу болуусун кааласаңыз, көмүрдү эрте эле алып койгон жакшы. Баасы да жакшы, колдонуучунун да убайы жок болот.
Айгуль Сакеева