Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтү үчүн жалпы 650 тоннадан 750 тн чейин көмүр отуну керектелет. Кышкы отун адатта Кара-Кече кенинен тартылат. Айыл өкмөт башчысы Адилет Акматовдун маалыматына караганда кыштын алгачкы айларында аз өлчөмдө түшүрүп алган үй-бүлөлөрдүн айрымдарында көмүр отуну түгөнүүдө.
“Айылда көмүр менен бирге көң пайдалангандар да бар. Айрымдары түнкүсүн гана жагышат. Кийинчерек түшүрөбүз деп, же ошол учурдагы каражатына карап алгандардын чынында көмүрлөрү түгөнүп баратат. Кара-Кечеден жолдун алыстыгы жана катаалдыгына байланыштуу азыр тартылбайт. Бирок Турук кени ачылса кайрадан тартылат. Буга чейин 720тн. көмүр түшүрүлдү” дейт.Ошондой эле мурунку жылдары айдоочулар көмүрдү карызга түшүрүп, каражатын кийинчерек алышчу. Ал эми быйыл көмүр отуну кымбат жана тартыш болуп жатканыдыгына байланыштуу накталай сатылып жатканын кошумчалады А.Акматов.
Барчын Мамытбекова