Жыл башы менен эттин орточо баасы өзгөргөн жок, бирок көпчүлүк жарандар эт кымбат болгондуктан, андан баш тартууга аргасыз болууда. Эттин ордуна башка калориялуу азыктарды колдонсо болобу?
Эт маанилүү азык-түлүктүн катарына кирет,өзгөчө тоолуу Кочкор аймагынын эли үчүн күнүмдүк тамак-аш болуп саналат.2023-жылдын январь айына » килограмм койдун этинин орточо баасы 520 сомду түзүп жатат.Маалымытка караганда,2022-жылдын декабрь айынын аягында эттин баасы ушундай болчу:1 килограмм уйдйн эти 490.6 сомдон,жылкынын эти 500 сомдон,ал эми тооктун эти 266.3 сомдон сатылчу.
Эттин баасы жогору болгондугун «Эт Ордо» эт сатылуучу дүкөнүнүнүн сатуучуларынын айтымында малдын базардагы баасы жана тоюттун кымбат болушуна байланыштырышат. Мисалы: азыр чөптүн 1 боосу 280-350 сомго чейин сатылууда. Кептин баары беде жана тоют жөнүндө болуп жатканын айтып кетишти. Ал эми арпанын 1 килограммы 20-22 сомду түзүп жатат. Эт сатуу менен 2009-жылдан бери алектенип жүрөбүз. Малды сатып алып, сойдуруп сатыкка чыгарабыз. Бир бодо малдын этин орточо эсеп менен 10-15 күн сатабыз, көбүнчө учурда этти карызга беребиз.
Кочкор айылынын тургуну 63 жаштагы пенсионер Жийдегүл Молдоканова пенсиясы эт алууга жетпегенин айтып берди:» Көп жыл бою электр тармагында эмгектенип, ардактуу эс алууга чыктым, өзүм жалгыз жашайм, жолдошум кайтыш болуп калган.6100 пенсия алам, бирок ал эч нерсеге жетпейт. Анткени базарда баардыгы кымбат, өзгөчө акыркы жылдары эттин кымбатташы көйгөй жаратып жатат. Бир айда болгону 1-2 килограмм эт алууга акчам жетет, андан сырткары дары-дармек алам, кошумча жана майда-чүйдө алууга дараметим жетет»- деп сөзүн аяктады.
Ал эми Бейшенакун уулу Акылбек Кочкор айылынын тургуну көп жылдан бери эт багытындагы үндүк багуу менен алектенип келет,анын айтымында эттин ордуна үндүк канаттуусунун эти малдын этинен эч айырмасы жоктугун жана этин сатсаң кирешелүү бизнес экендигин айтып берди:» Үндүк багуу менен алектенгениме көп жыл болду, союп жесең эти абдан даамдуу жана пайдалуу. Бул канаттуулар мал сыяктуу эле жем-чөп менен азыктанат.
Бир үндүккө күнүнө 150 грамм тоют керектелет, арпа, буудай аралаштырып беребиз, эки маал үч сааттан талаага жайып келебиз, суусу болсо дайыма алдында турат. Андан тышкары витаминдер кошулган дарыларды берип турабыз.
Ошондо, бардык чыгымдарды эсептегенде бир күндө ургаачы үндүккө 20 сомдун тоюту кетет, бир айда 600 сомдун тегерегинде жем-чөп берилет. Ал эми эркек үндүккө көбүрөөк тоют кетет. Бир күндө 35 сомдун тоюту берилет жана бир айда орточо 900 сомдун жем-чөбү кетет. 4 ай багылган соң үндүктөрдү сатууга чыгарып кийинки баага сатабыз: Эркек үндүк 20 килограмм таза эт берип 5000-6000 сомдон болот. Ал эми ургаачы үндүк 12 килограмм салмак түзүп 2500-3000 сомго чейин сатылат».
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматы 2022- жылдын июнь айында эттин өлкө боюнча орточо баасын көтөрүлбөгөнүн билдирди.Бир килограмм кой эти 495 сом, уйдун эти 475 сом деп белгилешкен.Бирок 2020-жылдагы пандемия жана мал экспортунун өскөндүгү эттин кымбатташына алып келген. Мындан тышкары, тоют- жемдин кымбаттап кетиши да эттин баасынын көтөрүлүшүнө себеп болду.
Нурия Карымбаева