Өлкөдөгү орто мектептерде жана бала бакчаларда кышкы каникулдан кийин окуу процесси башталды. Баарыбызга маалым болгондой орто мектептерде окуу 11-январда башталуусу керек болсо, жазгы каникулдун эсебинен суукка байланыштуу 3 күнгө узартылган. Күндүн суук илеби али кайта элек, абанын температурасы күндүз 20-25 ̊, ал кечкисин кайрадан 28-30 ̊ чейин төмөндөөдө.
Мектептердеги жана бала бакчалардагы абал боюнча билим берүү бөлүмүнөн алынган маалыматка таянсак, жылуулук талапка ылайык берилүүдө.
“Окуу бөлмөлөрүндөгү абанын температурасына күнүгө байкоо жүргүзүлүп жатат. Учурда мектеп жана бала бакчалардагы орточо жылуулук 18-20 ̊ болууда. Окуучулардын катышы 94%, ал эми бала бакчаларда 92% түздү. Азырынча маселе жарала элек. Кыш мезгилине карата мурда эле окуу бөлмөлөр жылууланган. Ар бир мектепте окуучулардын катышы көзөмөлгө алынып жатат. Көмүр отуну жетиштүү, электр от казандары мектеп жетекчилери тарабынан көзөмөлгө алынып, нөөмөт уюштурулган” деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев.
Барчын Мамытбекова