Үстүбүздөгү жылдын 19-20-январында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын 2-этабы өткөрүлөт. Олимпиаданы өткөрүү боюнча Жободо 10 предметтин тизмеги берилген жана мындан сырткары орус тилдүү мектептин кыргыз тили, адабияты жана орус тили, адабияты сабактары боюнча билимдерин сынашат.
Окуучулар тапшырмаларды аткарууда (Сүрөт архив)
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүндө Жобого ылайык уюштуруу комитети түзүлүп, Республикалык олимпиаданын 2-этабын ачык-айкын жана сапаттуу өткөрүү аракеттери көрүлүүдө. Ал үчүн байкоо жүргүзүү, талаш-тартыш, усулдук жана предметтик комиссиялар түзүлдү. Алынган маалыматка караганда олимпиада Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде өткөрүлүп, жалпы район боюнча 430 окуучу катышат.
Белгилей кетүүчү жагдай англис тилдүү өлкөдө 6 ай же андан ашык убакыт жашаган окуучу аталган сабак олимпиадага катыша албайт.
Ал эми олимпиада өтүлүүчү мектепте 19-20-январь күндөрү окуу аралыктан болот.
Барчын Мамытбекова