Ак-Талаа районундагы орто мектептин 400дөн ашык окуучусу бүгүн 10 предмет боюнча республикалык олимпиаданын экинчи баскычында билимин сынашууда. Анын ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, окуучулар жана коомдук уюмдардан түзүлгөн Байкоочу кенештин мүчөлөрү катышты.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев окуучуларга ийгилик каалады. Ошондой эле олимпиаданын IV баскычында байгелүү орундарды камсыз кылган окуучулардын мугалимдерине жыл бою 5000 сомдон 10000миң сомго (1-орун 10мин, 2-орун 7 миң, 3-орун 5миң сом) чейин каражат кошулуп төлөнүп турарын кошумчалады.
Олимпиаданын жобосуна ылайык бүгүн чет тилинен башка предметтер боюнча эки саат бою жазуу иштерин аткарышат. Ал эми тапшырмалар бүгүн эртен менен электрондук вариантта келип түшкөн.
Олимпиаданын жүрүшүнө ата-энелер жана коомдук уюмдун өкүлдөрүнөн турган комиссия байкоо жүргүзүшсө, көз карандысыз талаш-тартыш комиссиясы болсо тапшырмаларга жана иштерге байланыштуу талаш маселелерди карашат. Окуучулардын коопсуздугун, саламаттыгын камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери жана дарыгерлер эки күн бою көзөмөл жасашат.
Барчын Мамытбекова