Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен олимпиада жана Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогоку упай алган окуучу окуган мектепке 200миң сом өлчөмүндө сыйлык берилет.
Бул тууралуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев окуучулардын республикалык олимпиадасынын экинчи баскычынын ачылуу салтанатында кабарлады.
“Жергиликтүү кеңештин депутаттары менен бирге кеңешип, бюджеттин эсебинен мыкты көрсөткүч берген мектепке акчалай сыйлык берүүнү чечтик. Ал каражатты мектеп окуу-техникалык базасын чыңдоого же кем-карчын толуктоого жумшайт. Биздин өкмөттүн карамагындагы Э.Карасартов, Ш.Бейшеналиев жана Б.Мүсүралиева атындагы орто мектептин окуучулары мектеп үчүн мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ийгилик жаратат деп ишенебиз. Билимдүүлөр жеңет”,- деди.
Эскерте кетсек, ЖКнын депутаты Мурадил Сыдыков акыркы жылдары Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку көрсөткүчтү берген окуучунун мектебине жеңил автоунаа байгеге коюп, ал эми окуучуга да шыктандыруучу сыйлыктарды белек кылып келе жатат. Байгени былтыркы окуу жылында С.Атамбеков атындагы орто мектеби жеңип алган.
Барчын Мамытбекова