Талас шаарындагы Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинде “Кыздар-апалар” аттуу сынак болуп өттү.
2019-жылдын 10-март айынан 30-мартка чейин Кыргызстандын Баткен, Ош, Талас, Ысык-Көл облустарынын 16 айылдарында “Кыздар-апалар” аттуу сынактар жүрүүдө. Бул тууралуу «Муундар аралаш» долбоорунун Талас облусундагы координатору Марина Эдегеева кененирээк айтып берди:
“Конкурстун негизги максаттары жаш кыздарды мажбурлап турмушка берүүнүн алдын алуу максатында эне менен баланын ортосундагы коммуникацияны жакшыртуу. Кыздар оюн түрүндө ала качууга дуушар болбоо үчүн өзүн кантип алып турууга, ал эми кызды ала качып кетсе, ал эмне кылуу керектигин үйрөнөт. Ар бир катышуучу апасы менен 14-17 жаштагы кыздар турган 3 команда түзүлөт. Сынакка чыгармачылыкты жакшы көргөн, таланттуу, өздөрүнө ишенген, коомчулукка жакшы өзгөрүүлөрдү киргизүүгө даяр болгон адамдар тандалышат. Долбоордун демөөрчүсү Европа Биримдиги. Алдыга койгон максатыбыз мындан ары кыздарды ала качуу жана эрте никеге туруу көрүнүштөрдү токтотуу”,- деп айтты.
Ал эми катышуучу Уултай Субанкулованын билдирүүсү боюнча:
“Бүгүнкү сынак өтө маанилүү, көйгөйлүү, терең мааниси чоң суроолор болду. Себеп дегенде бул жерде ата-эне менен баланын мамиле, коомдук чөйрөдөгү мамиле болуп жатат. Бул абдан эле маанилүү деп эсептейм. Мисалга алсам, кылмыш жаза кодексине жараша азыркы жаш муун жашы жете элек үй-бүлө куруу боюнча ушул темада чоң талкуулар жүрдү. Негизи сынак абдан кызыктуу болду”,-деп билдирди.
Жана ошондой эле Уултай Субанкулованын кызы Азема Керимбаева да өз оюн айтты:
“Мага сынак абдан жакты. Себеби, кызыктуу өтүштү, абдан маанилүү темаларда талкуулар болду. Азыркы убактарда кыз ала качуу көп жүрүп жатат, ошондой учур болуп калса, эмне кылыш керек? Кантип ата-энеге айтсаң болот? Ошол тууралуу бизге кенерирээк айтып беришти. Мен ойлойм мындан ары кыз ала качуулар болбойт деп, себеби бул кылмыш болуп эсептелинет”,-деп өз ою менен бөлүштү.
Cынакта катышуучуларга ар кандай оюндар уюштурулду.
Даярдаган: Айнуру Керимбаева