Кыргызстандагы орто билим берүү мекемелеринде кыздар комитети түзүлүп, өз ишин жүргүзүп келишет. Баарыбызга кыздар кеңеши деген дагы ат менен белгилүү. Кыздар комитетинин негизги максаты өсүп келе жаткан кыз балдарга туура багыт берүү, жүрүм -турумдарына көз салуу, тартипке чакыруу болуп эсептелет.
Аргымбаев Самат Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектепте география мугалими, ал убагында окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп калган ошол убакта кыздар комитетинин уюштуруу иштерине катышкандыгын айтты.
“Мен окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүргөн кезде ошол кыздар кеңешин уюштуруп төрайымын анын курамын бекитчүбүз, иш пландарына көңүл бурчубуз, негизи бул комитет өсүп келе жаткан кыздарга кыргыздын менталитетине, салтына жараша мугалимдердин акыл насаатын айтып, туура жол көрсөтүүчү түзүм десек болот ал жерде аял кишилерге тиешелүү бардык маселелер ушул кыздар кеңешинде каралат”.
Суусамыр айылындагы орто мектептин мүдүрү Кашкариев Азамат кыздар комитети керектүү бул кыз балдарга туура багыт көрсөтүүдөгү, мектеп жетекчилигинин билим берүүдөгү саясаты деп эсептейт. Кабыл алынган чечим өсүп келе жаткан кыздарга туура жол көрсөтөрүн айтты.
“Азыркы коомдо ар кандай терс көрүнүштөр батыштын жаман нерселери биздин чөйрөгө өз таасирин тийгизип жатпайбы, ошол маселелердин алдын алуу максатында жаш жеткинчек кыздарга мектеп жетекчилиги тарабынан каралган эң жакшы багыт деп эсептейм. Бул кыздар комитети бизге керектүү. Бул кеңештин болгондугу жакшы нерсе. Мектеп ичинде мындай отурумдар болуп турушу керек. Окуучу кыздарга тиешелүү маселелер боюнча сунуштар, пикирлер айтылып талкуу болуп, кеңеш бул боюнча бир пикирге келип, чечим кабыл алынып турганы мектеп үчүн абройлуу деп эсептейм”.
Ал эми аталган мектептин окуучусу Жакутбекова Сезим кыздар кеңешинде укуктук жактан кеңештер берилбейт ал жерде кыздар тартиптуу болуп сабака боенбой келиш керек деген сыктуу гана нерселер айтылат дейт.
“Кыздар кеңешинде кыздардын тартиптери жөнүндө жана эжелердин кеңештери бизге пайдалуу деп эсептейм. Ал жакта кыздарга тиешелүү маселелер талкууланат, мугалимдер бизге мектепке форма кийип, боенбой келишибизди талап кылышат, улуулардын алдында тартиптүү, ийкемдүү болгула деп гана айтышат.
”Адистердин айтымында бул жөрөлгө жалпылап караганда эң туура кабыл алынган нерсе, бирок, аталган комитет “Кызга кырк үйдөн тыйуу деген” түшүнүктүн негизинде иш алып барышат. Бул нерсе коомдогу калыптанып калган гендердик стереотиптин терс көрүнүшү, гендердик эксперт Бакен Досалиева бул маселеде мектеп комитеттери туура багытта иш алып барбай жатышат деп эсептейт, анын айтымында кыздарга укуктук жактан кеңеш берүүчү бирдиктүү жобо иштелип чыкпай жатат.
“Комитеттин ошол иштөө боюнча атайын пландуу жобосу болсо, мектеп жетекчилиги атайын адистерди катыштыруу менен ошол жобону иштеп чыкса, анан ошол жобонун негизинде комитет иш жүргүзсө толук мыйзамдуу жоопкерчиликтүү укуктуу болуп калат эле. Кыздар комитети деп эле коет бирок комитеттин маанисин, иштөө принцибин эч ким түшүнбөйт комитет эмне кылыш керек? Зомбулука кабылган кыздар болсо, ошол кыздарга жардам бериш керек, кеңеш бериш керек кыздарды маданият жагына тарбиялаш керек, бизде болсо ар түрдүү маалымат эле берип коюшат. Кээ бир мектептерге барсаң канча жаштан баштап турмушка чыкса болот, эрте никени токтотуу жөнүндө мыйзам бар, ошол жөнүндө маалыматтары жок. Кыздардын укугу бузулса кайсыл жака кайрылыш керек аны дагы билишпейт, ошонун бардыгын ошол комитет айтып билгизип турушу керек».
Азыркы коомдо мектептердеги кыздар комитетинин кыз балдар менен иштөө саясаты туура эмес багытта бараткандыгын көрсөтүп турат, анткени барган сайын адам укугунун чыңдалып баратышы бала бакчадан баштап жогорку окуу жайындагы иш чаралардын башка нукка бурулуп, укуктук талаага багыт алышына таасирин тийгизүүдө.
Даярдаган: Анарбек Калдыков