Мектептеги кыздар комитетинин түзүлүүсү ар бир мектеп үчүн маанилүү. Элет жериндеги кыздар ѳз укуктарын, эмнеге милдетүү экендиги туралуу билүүсү зарыл. Мындан тышкары үй-бүлѳдѳгү зомбулук, эрте турмуш куруу, ала качуу, гендердик теңчилик жана коомчулукта ѳзүн алып жүрүү жѳнүндѳ билүү керек.
Кыздар комитетинин негизги максаттары ѳсүп келе жаткан кыз балдарга тура билим сапатына, жүрүм-турумдарына кѳз салу, тартипке чакыруу жана тура багыт берүү. Мындан тышкары кыздардын санитардык гигиеналык жана физиологиялык ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ тиешелүү маселелерди да каралып турат. Бул кыздардын мектеп убагынан тарта, укуктарын билүүгө максатталган атайын кыздардын кыймылы.