Адинай Дүйшөнбекова мектеп босогосун аттаган күндөн тарта “5” деген баа менен окуган дилгир окуучулардын бири. Адинай алдыда чет ѳлкѳдѳ билим алып, ѳз тармагында тажрыйба топтоп, Кыргызстан үчүн заманбап оорукана ачсам деген ой-максатта. Коомубузда кыздар эмнени кыялданат? Ата-эне, коом алардын асыл кыялдары орундалышы үчүн эмне кылуусу керек? Учурда алардын мүмкүнчүлүгү чектелип жатабы?
Адинай Дүйшөнбекова мектеп босогосун аттаган күндөн тарта “5” деген баа менен окуп келет. Анын окуудагы ийгиликтери президенттик ардак грамота жана акчалай сыйлыкка ээ болууга түрткү болгон. Окуунун отличниги болгон аракетчил кыз, кыялында чет ѳлкѳдѳ билим алып, ѳз тармагында тажрыйба топтоп, Кыргызстан үчүн заманбап оорукана ачсам деген ой-максатта.

Адинай Дүйшөнбекова
«Мен сапаттуу билим алып жана албетте чет ѳлкѳдѳн окуумду уланткым келет. Анткени чет ѳлкѳдѳ окуу бизге кѳбүрѳѳк мүмкүнчүлүктѳрдү жана жолдорду ачат деп ойлойм. Ошондой эле ѳз тармагымда тажрыйба топтоп Кыргызстанда клиника ачкым келет.
Коомдо кыздардын орду үй жумуштарын кылуу жана турмушка чыгып бала тарбиялоо менен гана чектелбеш керек. Алар ѳздѳрүн ѳнүктүрүп, билим алып, ѳзүнүн максатына, кыялына жеткенге аракет кылыш керек. Анткени, коомду алдыга сүрөй турган аракет уул бала менен катар кыздарда да болушу керек дейт каарманыбыз.

Адинай Дүйшөнбекова Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековтун “Ардак грамотасы” жана акчалай сыйлыгы менен сыйланды.
Мен ар кайсы ѳлкѳлѳрдү кыдырып алардын маданияты жана ал ѳлкѳлѳр жѳнүндѳ билгим келет. Башка ѳлкѳлѳрдѳн алган идеяларымды, тажрыйбаларымды Кыргызстандын ѳнүгүшү үчүн салым кылып кошкум келет. Ошондой эле кыздарды колдоодо жаштардын билимге умтулуусунда роль ойногум келет. Мен аларга үлгү болуп жана аларга колумдан келген жардамымды берсем деген тилегим бар».
Бактыгүл Жунушова ата-эне кыз бала, эркек бала дебей экѳөнѳ тең, бирдей мамиле жасаганы дурус дейт. Себеби экѳѳ тең келечекте үй-бүлѳлүү болушат. Мындан тышкары ал, балдарга турмуштук тоскоолдуктарды жеңип ѳтүү үчүн колдоо кѳрсѳтүп туруу зарылчылыгына токтолду.

Бактыгүл Жунушова, Адинайдын апасы

Бактыгүл айым кызы Адинай менен көйгөйлөр жөнүндө сүйлөшүү учуру
«Тоскоолдуктарда жанында болууга аракет кылышыбыз керек деп ойлойм. Проблемаларын чечүү жолдорун чогуу табуу керек. Анткени бала үчүн ата-эненин колдоосу ѳтѳ маанилүү. Бирок экѳѳнѳ тең биз билим берүүгѳ мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Себеби алар экѳѳ тең үй-бүлѳлү болушат кийин».
Ал эми серепчилердин айтымында кыздардын кээ бири билим ала албайт. Кээ бири эрте никеге турат. Кээ бири жумуш ордунда жана коомдо ар кандай стереотиптик мамилеге дуушар болот. Мындан тышкары, кыздар кѳпчүлүк учурда коомдук иштерде чечим кабыл алуу процессинде катыша албай калышат. Мыйзам боюнча кыздар менен эркек балдардын, эркектер менен аялдардын мүмкүнчүлүктөрү бирдей дейт гендердик серепчи Мунира Норузбаева.

Гендердик серепчи Мунира Норузбаева.
«Кыздар канчалык билимдүү болсо кийинки муундун билим деңгээли да ошончо жогору болот. Эгерде биз коомду ѳнүктүрѳ турган болсок бир тараптуу эркек балдарды гана ѳнүктүрбѳстѳн, аларга гана билим бербестен калктын экинчи жарымын аялдарга, кыз кишилерге дагы тарбия, билим, коопсуздук эмоцианалдык, физикалык, интелектуалдык ѳнүгүүсүнѳ дагы салым кошуп аракеттердин баарын кылыш керек. Себеп дегенде алар дагы ошондой эле биздин коомдо болуп жаткан процесстерге катышат. Эгерде, бир дарак катары алсак жарымы гүлдѳп атса эле жартысына азык жетпей жатса кантип ѳнүгүүгѳ ээ болот деп ойлосуздар».
Гүлкайыр Осмоналиева