Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында мектепти быйыл бүтүргөн Самат Нуркасымов Кытайдын Шандун провинциясындагы Политехникалык окуу жайында билим ала баштады.
Бул тууралуу Самат Нуркасымов өзү “Кара-Чий” мультимадиа борборуна маалымдады.
“Мен учурда Кытайдагы Шандун политехникалык окуу жайында окуй баштадым. Бул жерде менден башка Кыргызстандан жүзгө жакын окуучу билим алууда. Бул жерде биз адегенде бир жыл тил үйрөнүп, кийинки жылдан анан адистик багытка өтөбүз”, — деди Самат Нуркасымов.
Даярдаган: Айсалкын Бактыбек кызы