Ак барак, калем, конверт, ушул буюмдардын жардамы менен жакын адамдарга жаңылык жазчыбыз. Жашообузда болгон жакшылыктар, сүйүнүчтөр менен бөлүшүп, көп эмоциялар ак барактын бетинде калчу. Бирок азыркы убакта, биздин доордо техника өнүгүп, көп жумуштар интернет жана компьтердин жардамы менен болуп жатат. Баарлашуу дагы ушул ыкмага өттү, социалдык тармактар өнүгүп жатат.
Кайда караба кичине балдардан баштап, аксакалдуу ата-энелер дагы социалдык тармактарды колдонушат.
Гульназим Молдобековна, пенсионер, 68 жашта:
“Интернет өнүгүп, көп нерсеге жакшы болду. Мисалы, алыскы жакта жашаган адамдарың менен сүйлөшүп, сүрөттөрдү жөнөтүп, видео аркылуу баарлашсаң болот. Азыр дагы социалдык тармактар жайылууда, мен башында түшүнө албай, азыр семичкедей чагып калдым. Вотсап менен жакын адамдарым менен сүйлөшөм. Ал жакта ар кандай топтор бар. Мисалы, кошуналарымдын тобу, туугандарымдын тобу, мектептеги неберелеримдин ата-энелеринин тобу, пенсионерлердин тобу жана курбу-курдаштарымдын тобу. Кыскача айтканда, жаңылыктан арта калбаймын, азыр артта калсаң уят болосуң.”
Whatsapp топторуна токтолсок. Ар түрдүү топтор бар экен, алардын арасынан позитивдүү жана негативдүү деп бөлсөк дагы болчудай. Асель Бектурсунова, эки баланын апасы жана мугалим, ал 27 жашта. Кандай топтордо мүчө экенин биз менен бөлүштү.
“Эми айта берсек кызыктар көп. Менин топторум дагы көп, аларды айтып кетсем, абысындарымдын тобу, курбуларым, классташтарым, жеңелеримдин тобу, досторум, кесиптештерим менен дагы тобум бар, керек болсо балдар бакчадагы мугалимдер менен дагы тобум бар. Эң эле тынбаган топ бул абысындар. Алар менен бардык темалар тууралуу жазышабыз, мода, тамак-аш, косметика, психология. Ушулардын баарын жазып отуруп, убакыт кантип өткөнүн да байкабайсың”.
Асеин уулу Азамат, Талас облусунун активисти, жашоодон артта калбай, ал дагы социалдык тармактар менен колдонот:
“Социалдык тармактардын ичинен азыркы күндө Whatsapp басымдуу бөлүгүн ээлеп келет, тайпалар абдан эле көп, алардын ичинен Таластын социалдык-экономикалык байланышты күчөтүү максатында –Гипермаркет деген тайпа түзүлгөн. Ошондой эле Талас аймагындагы жаштардын группасы бар, Талас жаштары деген. Мындан тышкары дагы, Республикалык масштабдагы 14-28 жашка чейинки лидерлердин тайпасы бар».
Соорбеков Нурлан, Талас шаарынын айдоочусу социалдык тармактагы Whatsapp тууралуу оюу:
“Азыркы өнүккөн заманда Watsapp абдан тараган. Азыркы учурда менде группадан бажалар деген группа бар, андан тышкары туугандар, группалаштар жана эң кызыгы айдоочулар деген дагы группа түзүлгөн. ГАИ кызматкерлеринен алдын алуу, сактануу максатында, жолдо кайсыл жерде ГАИ турат, алдын ала маалымат берип турабыз”.
Тарыхы
1995-жылдан тартып Classmates.com деп аталган америкалык порталдын жаралышы менен интернетте социалдык тармактар кеңири жайыла баштаган. Долбоор ийгиликтүү болуп, ушундан баштап буга окшогон ондогон кызматтардын үлгүсү пайда болду. Ал убакытта Одноклассники, Facebook сымал интернет баракчалар бар болчу. Дүйнө жүзүндогу көптөгөн өлкөлөр интернетке байланып, социалдык тармактарды активдүү колдонушат. Бирок ошол эле учурда тыйуу салынган дагы өлкөлөр бар, алар Иран, Кытай, Пакситан, Сирия, Бангладеш жана Туркменистан. Бирок социалдык тармактардын официалдуу түрдө өсүшү катары 2003-2004-жылдарды, тагыраагы, LinkedIn, MySpace жана Facebook тармактары чыккан жылдарды айта алабыз.