Чачыкей Аманова Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулуп-өскөн. Учурда Түркиянын Стамбул шаарындагы эң алгачкы жана алдыңкы Стамбул университетинин экономика бөлүмүндө окуйт.
Бала кезинен эле чет өлкөдө билим алууну кыялданган каарманыбыз Бишкек шаарындагы Анадолу кыздар лицейин аяктоо учурунда “Түркия стипендиясы” программасы аркылуу документтерин жөнөткөн. Көп өтпөй эле окуу жайга кабыл алынгандыгы тууралуу кат алган. Чачыкейдин айтымында кыздар лицейинде билим алуусу түрк маданиятына, жашоосуна көнүп кетүүгө жардам бергени менен алгач Стамбулда жашоочулардын көптүгү таң калтырса, жашоо ыргагына көнүү оор болгон.
Чачыкей чет жердеги студенттик жашоосундагы, кызыктуу окуяларын биз менен бөлүштү: “Башка эл, башка тарбия…. Бирок студенттик жашоо “башкага” карабай ар бир күнү кызыктуу. Менин көзүмдүн кичинекейлигине байланыштуу группалаштарым алар көргөндүн жарымын эле көрүшөт деп ойлошуптур. Анткени өздөрү көздөрүн азияттардыкындай жарымын жуумп алып карап көрүшүптүр. Мага айтышып абдан күлдүк эле. Дагы бир жолу жатаканын жанында жүргөн кароосуз ит-мышыктарга тоюп алсын деп нан берсем жешпейт. Көрсө аларга эт, колбаса сыяктуу азыктарды анан атайын тамактарын гана беришет экен. Мен аны билген эмес элем. Анын үстүнө бул жакта көчөдө жүргөн ит-мышыкка ар ким эле тамак бере беришет. Себеби, жандыктардын курсагы ток болсо, Түркия калкы да токчулукта жана бейкутчулукта жашап жаткандыгына ишенишет”,- дейт.
Стамбулдагы кыргыз жана башка өлкөлөрдөн келген студенттер бири-бирибизге дайыма жардамдашып келебиз. Ал түрк эли каада-салтына бекем, өтө меймандос жана жардамчы келишет деп кошумчалады.
“ Алдымда эң чоң максаттарымдын бири- ата-энемдин эмгегин, ишеничин актоо жана Мекенимдин өнүгүүсүнө салым кошуу” – деп Чачыкей сөзүн жыйынтыктады.
Даярдаган: Мамытбекова Гүлбарчын