Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде 23-апрель китеп күнүнө карата «Китеп менин жан досум» аттуу адабий кече болуп өттү.

Бул кечеге 6-7-класстын китепке кызыккан, жакшы окуган, дилгир, мыкты окуучулары активдүү катышышты. Алар 3 топко бөлүнүп, ар бир топтун башчысы болду жана ошондой эле өздөрүнө ар кандай аттарды коюшуп мелдешишти.


Окуучулар бири-бирине комплимент айтып, көңүлдөрүн көтөрүп, ачык маанайда концертин өткөрүштү, жана дагы сырттагы көрүүчүлөр катышуучуларга ар кайсы китептерден ар кандай суроолорду табып, логикалык суроолордон берип, иш чара кызыктуу өттү.


Иш чарага катышкан бардык окуучуларга мактоо баракчалары берилип, баары кубанычта болушту, мактоо баракчалар Айгүл Алтыбаева тарабынан каржыланды. 1-орунга Китеп ойдун жыйындысы, 2-орунга Китеп билим булагы, 3-орунга Китеп билим азыгы татыктуу болду.

Уюштуруучу Айгүл Алтыбаеванын айтымында «Бул иш чараны өткөрүүнүн негизги максаты балдарды китепке чакыруу болду. Баары мен ойлогондой жакшы деңгээлде кызыктуу өттү деп ойлойм, себеби баары жакшы маанайда көрүшүштү»,-деп билдирди Алтыбаева.

Катышуучу Айгерим Медербек кызынын айтымында, «Биз китеп күнүнө карата адабий кече өткөрдүк, бул кечеге даярданууга бизге китеп кананын жетекчиси Айгүл эжеке жардам берди, эжекеге чоң рахмат, себеби, көптөгөн жаңы маалыматтарды бизге үйрөттү жана мактоо баракчалар менен сыйлады»,-деп билдирди Медербек кызы.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы