Бишкекте жамааттык ЖМКлар бирлиги тарабынан уюштурулган «Жаш кабарчы» жайкы лагерине Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчы кабарчысы Чынара Көчкөнбаева катышып жатат.

DW Akademie уюмунун Борбор Азядагы координатору Лидия Ранерт менен онлайн жолугуу
Жамааттык ЖМКлар бирлигинин административдик иштердин адиси Зыйнат Самар кызынын айтымында “Жаш кабарчы” жайкы лагерине ар облустан 10 кабарчыларды тандап алышкан. Кабарчылар 12 күн бою ар кунү ар башка тренерлерден сабак алышат. Бул тренингдерде эл алдында тайманбай сүйлөө ыкмаларын, сайттын стандарттарын окуп үйрөнө алышат. Андан сырткары 2 күн лагердин катышуучуларын жартылышка, Бишкек шаарындагы информациялык турларга алып барат. Жайкы мектептин максаты, жаңылыкты сапаттуу бардык стандартка туура келген жаңылыктарды жазып чыгууга журналисттик жөндөмдөрүн өнүктурүүгө медиа борбордун алдына жургүзүүдө өз салымдарын кенен кошуу. Лагердин окуучулары окуп баргандан соң, медиа борбордогу башка балдарга билгендерин үйрөтүшөт.
Нарын облусунун Кочкор районунун Шапак мультимедиа борборунун кабарчысы Айжаркын Эркинбек кызынын айтымында
«Тренерлер окутууну абдан кызыктуу өтүп жатышат. Тренинг да мен ойлогондон да абдан жакшы болуп жатат»,- деп билдирди.

«Журналисттер»коомдук бирикмесинин жетекчиси Марс Түлегенов менен жолугушуу
Чынара Көчкөнбаева