Кызыл-Кыяда жаштар күнүнө карата мэрия тарабынан шаардагы окуу жайларда билим алган студенттер үчүн экскурсия уюштурулду.
Кызыл-Кыя шаарындагы жаштар алгач Төрөбай Кулатовдун музейине барышты. Ал жерде жаштар мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатовдун сүрөттөрү жана башка жумуш ордунда колдонгон буюмдары менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Жаштарды экскурсияга алып баруу боюнча шаар мэриясы тарабынан эки унаа дайындалган.
Шаардагы жаштар борборунун жетекчилигинин билдиришинче, бүгүнкү уюштурулган иш-чаранын максаты — жаштарды патриоттуулукка, өздөрү окуп жаткан шаар тууралуу маалымат алууга шарт түзүү болуп саналат.
«Биз атайын президенттин жарлыгына ылайык 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин Кызыл-Кыя шаарында жаштар менен биргеликте ар түрдүү иш-чараларды уюштуруудабыз. Биз мүмкүн болушунча бардык окуу жайлардын жаштарын катыштырууну максат кылганбыз», — дейт Жаштар борборунун жетекчилигинен.
Чогулган жаштар шаардагы жаңы ачылган спорт комплексине андан соң «Айкөл Манас» эстелигине барышып, экскурсияга жыйынтык жасашкан. Жолугушууга Үч-Коргон жамаатык мультимедиа борборунун жетекчиси Атабек Арипов да катышып келген.
«Бүгүн абдан маанилүү жолугушу болду десем жаңылышпайм. Акыркы убакыттарда Кызыл-Кыя шаарына өзгөчө мамлекет тарбынан да жакшы көңүл бурулууда. Өзүңүздөргө белгилүү Газпром тарабынан жаштар үчүн спорт комплекси курулуп пайдаланууга тапшырылды. Мунун баары жаштарга жакшы көңүл бурулуп жаткандыгы десем туура болот», — деди ал.
Атабек Арипов кошумчалагандай, мындай иш аракеттер шаарда байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Жаштардын көп жылдык мүдөөсү болгон спорт комплекси пайдаланууга тапшырылгандыгы кубанычтуу окуя болгон.
Даярдаган: Бакиров Шерикбек
Сынак үчүн
ИХ