Быйыл Кыргызстанда жалпы «Тарых жана маданият жылы» деп жарыяланганына байланыштуу Андарактын тарыхына бир көз чаптырууну чечтик. Андарак эли Тагайберди уруусуна кирет. Бул уруу кайдан келип чыккандыгын билгенге аракет кылдык.
Андарак элин жалпысынан «тагайбердилер» деп койушат. Биз Тагайберди уруусу кайдан келип чыккандыгы жөнүндөгү суроолор менен Манас орто мектебинин тарыхчысы Эркин Валламов менен маек курдук.

— Айылдан эр-азаматтар Бишкеке чейин барып Тагайберди уруусу жөнүндө китеп да чыгарып келишкен. Уламыштарга ылайык Кеминде (Чүй облусу, Кемин району) Тагайберди деген Хан болгон. Ал бийликти балдарына өткөрүп бермей болот. Бийликти чоң балдары «бизге өткөрүп берет» деп олтурганда эң кичине уулуна берип коёт. Ошондо калган уулдары атасына таарынып, ар кимиси ар тарапка ооп кетип калат. Ошондо Тагай Анжиян тарапка ооп келет. Ошондон кийин Тагай болсо өзүнүн адамдары менен ушул жерге отурукташып калат. Андан тараган анын баласы Маматкул Сумбулага отурукташып жашап калат. Андан таргандар Тагайберди элини түзөт. Кеминден ооп келгендигин элде калган уламыштар тастыктайт.
Илгери Тагайберди аксакалдары бирөөнү тилдегиси келсе «кызыңды калмак урсун» дешкен экен. Анткени Кыргызстандын түндүгүндө жашаган кыргыздарды, калмактар чаап алып, кысым көрсөтүшкөн. Ошондуктан, ошентип тилдешкен деген кептер бар.
Тагайберди уруусу дагы көптөгөн кичине уруктарга бөлүнөт. Алардын баардыгынын түп башында турган бул Тагайберди болуп эсептелет.
Андаракта болсо падышалык Орусиянын мезгилинде аз гана адам жашаган.
Андарак падышалык Орусиянын мезгилинде 1868-жылы айыл катары катталган. Башкача айтканда, падышалык ошол мезгилдеги каттоо жүргүзчү мекемелери Андаракты айыл катары каттаган.

Даярдаган: Гулина Суеркул кызы
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн