Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 12-ноябрь күнү Борбордук Азияны камтыган улак тартыш оюну өттү. Улак тартыш оюнун айыл тургуну Райимберди Ботокулов уюштурган.
Ага жалпысынан төрт жүздөн ашуун көк бөрү сүйүүчү катышты. Байге фонду эки автоунаа, эки төө, топоз, 15 тай, 30 кой, 10 музоо, беш портер көмүрдү түздү.
Улак тартыш оюнун уюштурган Райимберди Ботокуловдун уулу Камбар Ботокулов иш-чара кыргыздын улуттук оюндарын өркүндөттүү максатында уюштурганын айтат.
Камбар Ботокулов бир туугандарынын баары улак тартышты ойноорун айтат.

«Биз үч бир тууганбыз. Баарыбыз он жылдан бери улак тартышып ойноп келебиз», — дейт ал.
Улак тартыш оюнуна катышкан айыл тургуну Авазбек Орозбаев «бул улак тартыш көңүлүмө толду, мен бир музоо утуп алдым» деди.
Даярдаган: Азим Абдилазиз уулу
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн