Кыргыздын улуттук баа жеткиз бренди болгон кийизди жаштайынан иштетип келген Бүбүсайра Кунасова өз өнөрүн уул кыздарына үйрөтүп келе жатат. Анын максаты ата- бабаларыбыздын кийиз иштетүү боюнча салттуу билимин унуткарбай жаштарга үйрөтүү.
-Бул өнөрдү кимден үйрөндүңүз эле?
-Мага бул өнөрдү жаш кезимде чон апам үйрөткөн. Мен эң биринчи шырдак ойгонду, кийиз жасаганды андан кийин сайма сайганды үйрөндүм. Ал кезде мал-жандык жетиштүү эмес эле. Кийин малыбыз да көбөйгөндөн кийин боз үй көтөрүп баштадык. Боз үй көтөргөндө кайненем жибин ийрип, кийиз жасаганга жардам берген. А мен болсо оюм чийимдерди соктум.
-Кийиздердин кандай түрлөрүн билесиз?
-Оро кийиз боз үйгө жапкан кийиз, ак кийиз, шырдактын кийиздерин майда кийиз деп коет.
-Жаш кезиңизде канча боз үй көтөрдүнүз?
-Жолдошум боз үйдүн жыгачын жасаса, мен шырдагын жасап, кайненем оюу-чийим, сокмолорду жасап ынтымактуулук менен алты боз үй көтөрдүк.
-Шырдак жасоонун азыр көптөгөн түрлөрү бар, а сиз шырдакты кантип жасайт элениз?
-Шырдактарды аппак кылып чийге кийизди жасап аны акка, көккө, болбосо кызылга, жашылга боеп, анан экөөнү беттештирип алып оюп, оюп бүткөн соң кайта жөрмөп, жээк баскан соң шырдак даяр болот.
-Балдарыңыздан ким кол өнөрчүлүк менен алек болуп кетти ?
-Бул ишти эң улуу кызым Дүйшөн улантып, кийиздин түрлөрүн жасап, сайма сайып эми кайра өзүнүн неберелерине мурас кылып үйрөтүп жатат .
Апага чың ден — соолук каалап өз ыраазычылыгыбызды билдиребиз.