Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын эли таза сууга муктаж болгондуктан тургундар Оттук, Он-Арча агын сууларын ичип келет.
Бул тууралуу ФАП кызматкери Упагүл Мамбеталиева айылда таза суу жоктугунан элдер ар кандай оорулар менен ооруп жаткандыгын айтты.
“Өзгөчө жаздын күндөрү төгүлгөн таштандылар агып келет. Ушунун негизинде айылда ар кандай инфекциялык оорулар менен, балдардын тери оорулары көбөйдү.”
Жана ошондой эле айылдык мектептин директору Айзада Байсалова таза суу жоктугунан окуучулардын ден соолугу начарлоодо дейт.
“Мектепте 321 окуучу бар. Эң негизги көйгөйүбүз таза сууга биз абдан муктажбыз. Пайдаланып жаткан суунун кесепетинен мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Алардын ичинен акыл-эсинин өсүп-өнүгүүсү артта калган окуучулар басымдуу бөлүгүн ээлейт. Алсак быйылкы окуу жылында 12 мүмкүнчүлүгү чектелген окуучу окуйт. Бизде өтө өкүнүчтүүсү балдардын ден-соолугу начарлап келе жатат. Бул көрсөткүч Нарын районундагы 34 мектептин ичинен алдыңкы орунду ээлейт. Муну суунун эле кесепети деп билебиз. Биздей эле абада жашап жаткандар мындай көрсөткүч беришпейт себеби аларда таза суу бар.»
Мындан тышкары, айыл тургуну Кенжебек Дүйшекеев үйүнө суу ташып баруу эң чоң көйгөйү экендигин айтты.
“Бизде таза суу жок, мал ичкен суудан ичебиз. Суу чыгарылат деген бирок чыкпай жатат. Ушул убакта суу кир болгондо алыс жакта булак бар, ошол жакка барабыз, эгер бара албасак ушул эле суудан ичебиз.”
Жерге-Тал айыл округунун айыл өкмөтү Шекер Жумабекова Кызыл-Жылдыз айылына таза суу жаз айларында чыгарыларын билдирди. Анын айтымында таза суу чыгаруу ишин ЮНИС курулуш компаниясы утуп алган.
“Кызыл-Жыдыз айылында 1280 калк жашайт. Ушул убакытка чейин айыл эли Солтонсары алтын комбинатынан келген сууну ичип келет. Бул боюнча ЮНИС курулуш компаниясы 36 миллион 740 миң сомго тендерден утуп алып, жаз айларында таза суу чыгаруу иши башталганы турат.”
Эскерте кетсек, Кызыл-Жылдыз айылы түптөлгөндөн бери таза суу чыгарылган эмес.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков
Мыкты макала сынагы үчүн