Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын каналынан саркынды суу чыккандыгы үчүн каналдын 100 метр жери эксперимент катары бетондолуп жатат.
Бул тууралуу “Кара-Чий” жамааттык мультимедиа борборуна РАЙОСтун оңдоп-түзөө бөлүмүнүн башчысы Максат Дүйшеев билдирди.
Маалыматка караганда, каналды бетондобосо айыл тургундарына дагы ыңгайсыз экенин айтты.
“Бул канал тоонун бетине жайгашкандыктан жерге сиңип, айылга саркынды суу кирип жана кээ бир үйлөрдүн астынан суу чыгып жаткандыгына байланыштуу каналдын 100 метр бөлүгүн экспермент катары Орусиядан алынып келген геомембрана материалын жаткызып бетондоп жатабыз.”
Ал эми Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну, Он-Арча насосотук станциясынын электро-мотористи Бейшенбек Аалиев өз оюн мындайча билдирди:
“Каналдан суу фильтрация болуп айылдан суу чыгып, айыл тургундарына ыңгайсыз абал жаратып жатат. Быйыл 100 метр жерин бетондосок, эмдиги жылы дагы улантылат деген ойдобуз.”
Даярдаган: Аман Шаршенбеков