Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында малды жазгы вакцинациядан өткөрүү иштери жүрүп жатат.
Бул тууралуу Кызыл-Жылдыз айылынын ветеринары Бактыбек Мүсүралиев буларга токтолду:
“Жазгы ветеринардык иштерди жүргүзүп жатабыз. Уйлардан бруцеллозго кан алып, шарпка каршы вакцина сайып, анан иттерге квартал сайын эхинококкоз оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп жатабыз. Дагы кутурма оорусуна каршы да вакцинация жүргүзүлдү.”
Белгилей кетсек, ветеринарлар тарабынынан малдарды эмдөө иштери жаз, күз мезгилдеринде өткөрүлүп турат.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков