Кызылчанын дарылык касиети чон экени элдик медицинада айтылып келет. Ал кан тамыр, бɵйрɵк, боор, тиш, ичеги-карын айтоор бир топ дартка даба. Муну менен катар А, В1, В2, В6, В12, С, РР витаминдерине бай. Андыктан кызылчаны кʏнʏмдʏк жашоодо кɵбʏрɵɵк колдонуу ден-соолукка пайдасын тийгизет.
Керектелүүчү азыктар:
Кызылча- 500 грамм
Картошка- 300 грамм
Пияз- 130 грамм
Сабиз- 2 даана
Деңиз капустасы- 300 грамм
Майонез- 7 аш кашык
Деңиз тузу- даамына жараша
Даярдоо ыкмасы: Кызылча, картошка, сабизди сууга бышырып алып, муздаган соң кабыгын тазалайсыз.
Андан сон кызылчаны сүргүчтөн өткөрүңүз.
Пиязды туурап, ага бир чай кашык ашкана уксусун кошуп, жарым саатка тыныктырып коюңуз.
Картошка сүргүчтөн өткөрүлүп туз себилиши керек. Сабиз да сүргүчтөн өткөрүлөт.
Эми түбү чуңкур идишке желим баштык салып, ага даяр болгон азыктарды ирети менен сала баштайсыз. Ар бир кабатын салган соң, майонез сүйкөйсүз.
Биринчи кабат- кызылчанын жарымы
сабиз салынат.
Деңиз капустасы
картошка.
Эң акырында кызылчанын калган жарымын саласыз , аягында желим баштыкты салатты ныктап алып , тарелкага салып , баштыкты сууруп алабыз .
Табитиңизге жараша кооздоп аласыз.
Даярдаган:Айсулуу Нурматова