Алыскы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылында «Лидер» Жаштар клубунун филиалын негиздеген Айзирек Жаныбек кызы. Ал мектепте окуп жүргөн кезинен тарта эле активдүү болуп коомдо болуп жаткан ар кандай иш-чараларга, долбоорлорго катышып келген. Бирок, аны айылдаштары, башка окуучулар барбаганы ойлондурчу. Мындан улам өз айылына алып барууну чечкен.
«Лидер» Жаштар клубу 2012-жылы активдүү жаштар тарабынан негизделген. Анын негиздөөчүсү жана алгачкы төрагасы Союзбек Надырбеков. Аталган клубдун көптөгөн жогорку окуу жайларда жана алыскы аймактагы мектептерде филиалдары бар. Алардын бири «Лидер» ЖК Кош-Дөбө филиалы, Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү алты мектептин активдүү окуучуларын камтыйт. Алгач Айзирек уюлдук телефону аркылуу вотсаптан “Биз лидербиз”-деген топ түзүп ал жерге ар кандай маалыматтарды жөнөтүп, өзү өздөштүргөн билимдер менен бөлүшүп келген.
“ Мен түзгөн вотсап группага кандай иш-чаралар болсо жөнөтүп катышып көргүлө деп сунуштап келчүмүн. Анын негизинде ар кандай иш-чараларга катышып калган окуучулар ыраазычылыктарын билдирип, сиз айтпасаңыз билмек эмес экенбиз деп калышат. Айылда жаштар өзүнүн оюн айта алышпайт. Идеялары болсо дагы кысынып айтпай жүрө беришет. Ушул нерселерди жою максатында алардын лидерлик сапатын өркүндөтүүнү алардын өнүгүүсун каалап ушул филиалды негиздедим.”-деп билдирди Айзирек Жаныбек кызы.
Айзирек Жаныбек кызынын айтымында учурда клубдагы жаштар өз ойлорун кенен айта алышат. Ар кандай иш-чараларды демилгелеп аны ишке ашырууга аракет кылышат. Мурда айыл өкмөттө жаштарга багытталган иш-чаралар дээрлик болгон эмес. Учурда аталган жаштар тобу айыл өкмөтү менен биргеликте жакшы иштерди алып барышууда. Филиал 2018-жылы 14-январда расмий түрдө ачылган. Учурда 40га жакын мүчөсү бар. Негизги максаты: Жаш лидерлерди, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын ойлогон улан, кыздарды тарбиялоо. Кыргызстандын алдыңкы жаштарын бир аянтчага чогултуу жана тажрыйба алмашуу. Ошол эле учурда ар түрдүү иш чаралар менен жаштарга жана мектеп окуучуларына өзүн-өзү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү болуп саналат.
«Мындай филиалды өз айылына ачууну каалагандар алгач Бишкек шаарындагы «Лидер» жаштар клубуна мүчө болуу менен өзүнө керектүү тажрыйба топтоп алып улантса болот. Башкаларга жардам берүү менен өзүбуздүн катылып жаткан таланттар ачылып андан ары дагы ийгиликтүү болгонго жол ачылып, дем болот экен»-дейт Айзирек Жаныбек кызы.
Окуучулардын муктаждыктарын орундаткан студент кыз
Президенттик стипендиянын ээси 1-курстан тарта окуучуларды окутуп келет
Акталаалык студенттер президенттин колунан стипендия алышты
Айгерим Кубатбекова