Сокулук районундагы Жаңы-Жер орто мектебинде быйыл математика мугалими жетишпегендиктен, 6-класстын окуучулары бул сабакты өтүшкөн жок. Нааразы болгон ата-энелер кайда арызданууну билбей жатышат.
Жаңы-Жер айылындагы мектепте математика сабагынан мугалим жетишпегендиктен 6-класстын окуучуларына 3-чейректен баштап сабак өтүлө элек. Буга чейин онлайн режиминде 1-2 чейректе дагы математик мугалими жоктугунан информатика сабагынын мугалими, ушул эле окуучулардын класс жетекчиси Мерзият Магомедовна өзү сабак өтүп келгендигин билдирди. Ал эми салттуу окутуу башталгандан бери математика сабагы окутула элек.

Иллюстрациялык сүрөт
Ата-энелер балдарынын билим алуусуна кабатыр болуп тез арада бул көйгөйдүн чечилишин өз ара талкуулоодо. Класстык ата-энелер (whatsapp) ар бир ата-эне пикирин айтып кимге кайрыларын билбей жатышат.
6-в классында окуган Адеми Бектурсунованын энеси Салтанат Маматова төмөнкүчө өз оюн билдирди.

Салтанат Маматова 6 в класста окуган кызы Адеми математика сабагын окубай жаткандыгына нааразы
«Менин кызым Адеми 6-класста окуйт. Быйылкы жылы кызым окуган класста математика сабагы өтүлө элек. Сентябр айынан бери онлайн режиминде 1-2 чейректи информатика сабагынын мугалими ушул класстын класс жетекчиси Мерзият Магомедовна өзү жиберип турду. Азыр 3-чейрек башталганы математика сабагын окуша элек. Класс жетекчиси менен байланышканда сабак өтүүгө мугалим жоктугун айтты. Бул орус тилдүү класс болгондуктан былтыр да мугалим жетишпей кыргыз тилдүү класска сабак берген мугалимди беришкен. Ал дагы болсо жакшы болмок таптакыр сабак болбой калганчакты. Азыр ата-энелер чогулуп мектептин директоруна баралы деп жатабыз».
Бул боюнча ушул эле класстын окуучусу Ханзада Орозматованын энеси Айнура Какеева төмөнкүчө пикирин айтты:

Айнура Какееванын кызы Ханзада 6-в классынын окуучусу. Мектепте матаматика мугалими жоктугуна байланыштуу ата-энелер менен сүйлөшүп мугалим издесекпи деген сунушун айтууда.
«Балдардын келечегин ойлосок ата-энелер чогулуп районго же министирликке кат жолдосокпу деймин. Албетте биздин балдар үчүн математика сабагы болбосо, кийинки келечеги кандай болот. Ата-энелер баарыбыз жолугалы бул көйгөйдү бирге чечели же мугалим издейли деп мен дагы айтып жатамын. Ага чейин мектеп директору менен жолугушуу керек».
Бул класста математика сабагын кызыгуу менен окуган Дастан Сыргакбеков чыдамсыздык менен бул сабакты күтүүдө. Бизге кыргызча деле өтө берсе жакшы болмок дейт.

Жаңы-Жер орто мектебинин 6-в классынын окуучусу Дастан Сыргакбеков математика сабагын жакшы окуйт жана бул сабакка кызыгат
Бул боюнча ата-энелердин атынан Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары Венера Акматова менен телефон аркылуу байланышканыбызда учурда математика мугалими жок болуп жаткандыгын жана мектеп администрациясы мугалим издеп жатканын билдирди.
Турсун Омуралиева.