Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында быйыл капуста эккен дыйкандардын эмгеги акталбай жатат. Капустанын баасы жылдагыдан арзан болуп, кышкы суукта кээ бир дыйкандардын капусталарын үшүк алган. Ал эми капуста өстүрүү үчүн көп каражат жумшалат.
Жаңы-Жер айыл аймагында дыйкандардын дээрлик көпчүлүгү капуста эгишет. Алардын айтуусу боюнча быйылкы жылы капустанын баасы арзан болууда. Кээ бир дыйкандар айылдагы алып саткан ортомчуларга нааразы болушса, кээ бири аларда күнөө жок дешет. Бул боюнча айыл тургуну Замир Дооранов төмөнкүчө маек берди:

Замир Дооранов, мурда дыйканчылык менен эмгектенген. Кээде Казахстанга капуста жиберип ишкердик кылуучу
«Биздин айылда дыйкандар капустага ишенип көп тигип алышат. Капуста эгүү үчүн жери жоктор бир сезонго, гектарын 35000 ден 40000 ге чейин алышат. Болжол менен бир гектар капуста өстүрүү үчүн 150 000 же андан ашык чыгым кетет. Учурда капустанын баасы 5-6 сомдон сатылууда. Керек болсо 7 сомго чыкса да өзүн актабайт.

Жаңы-Жер айылында дыйкандар капустаны дүңүнө 5-6 сомдон гана берүүдө
Бирок карапайым эл капустага ишенимин артып, малын сатып, кредит алып көп айдап алышат. Анан акча болот деп бир жыл бою күтүшөт. Айылга келген кардарлардын көбү Казакстандан келүүчү, алар да башка жумуш кылып кетишип көп келбей калышты. Капусталары сатылбай калса алып саткан ортомчуларды күнөөлөшөт. Бул туура эмес, анткени азыр интернет өнүккөн заманда кайсы өлкөдө, кайсы базарда капустанын дүң баасы канча экенин билип алса болот.

Балким эл супермаркеттеги капустанын баасын көрүп алып, ортомчулар жеп алып жатышат деп ойлошот. Мисалы, биздин эле Сары-Өзөн базарына түрп (редька) алып барсам 5 сомдон дүң баасына бердим. Ал эми Жаңы-Жердеги базарда 30 сомдон сатышат. Мурда мен дагы Казакстанга өзүмдүн акчама капуста алып жиберет элем, азыр тынч эле жашайын деп ишимди токтоттум. Азыр мен жөнөтчү точкалар жабылды, себеби актабай калды.

Быйыл Жаңы-Жерде кар калың түштү. Кышкы суукта капустаны сактоо дыйкандарга чоң мүчүлүштүктөрдү жаратууда.
Менин оюм боюнча биздин дыйкандар капустадан башка жер жемиштерди көп өстүрсөк жакшы болмок. Мисалы помидор, бадыраң, кызылча, сабиз дегендей. Анан айылга консерва заводдун куруп, консервациялоо боюнча адистерди таап, өндүрүлгөн продукцияны чет өлкөгө кетирсек дыйкандардын эмгеги акталмак беле. Болбосо, жылдан жылга жашоо кыйындап баратат.

Дыйкандар капустаны коңшу өлкө Казахстанга сатышат. Унаага жүктөөрдө ар бир капустаны ушинтип тазалап алышат.
Капустага деле чектөө киргизиш керек. Быйыл кышкы суукта айрым дыйкандардын капусталары үшүп кетти. Бул боюнча Айылдык кенештин төрагасы Аскар Бердигулов менен, айыл өкмөт башчысы менен жолугуп сүйлөшсөк болот эле ой- пландарды талкуулап», — деди Замир Дооранов.
Айыл элинин пикирин угууда, дагы бир айыл тургуну Whatsapp тагы «Жаңы-Жер Жарыя» группасындагы абоненттен төмөнкүчө пикир келип түштү:
«Эң туура сурамжылоо. Айыл чарба министрлигине бул жылы тагыраагы азыртан баштап пландоо иштерин жүргүзүшүн баса белгилеп жазыңыздар. Дыйкан өз үй- бүлөсүндөгү планын жазга чейин тактап алсын. Азыркы баа 5.5 сомдон 6 сомго чейин. Аз дегенде 30%, көбүнчө 60%га чейин тоңуп калган капусталар. Дыйкандын мээнетин актаган жок.»
Турсун Омуралиева