Өткөн 2020-жылдын ноябрь айында, Ат-Башы районунун башчысы Нурбек Сатаров бир катар делегаттары менен Өзбекстан өлкөсүнүн Фергана өрөөнүнө расмий иш сапары менен барып келген. Ал иш сапарда эки райондун достук протоколуна кол коюлган.
Ошол жолугушуунун жыйынтыгы менен Өзбекстан өлкөсүнүн өкүлдөрү Ат-Башыга келип, жүн жана терини иштетүүчү заводду курууга макулдашып, салына турчу ишкананын презентациясын көрсөтүштү. Алардын пландарында салына турчу ишканада жалпы 550дөй жумушчу орундары түзүлөт.
Элге кызмат кылчу эки ишкананын планы
Андан сырткары, мал киндиктүү Ат-Башы районундагы бааланбай, таштандыларга ыргытылып жаткан жүн, терилери иштетилет.
Келген өкүлдөр бул боюнча алдыда атайын эксперттер иш алып барып жеринен анализ-статистикалары жана башка изилдөөлөр жүргүзүлөрүн билдиришти.
Презентация учурунда
Аталган заводдун жалпы сметалык наркы 4,5 миллион долларды түзөт.
Мындай чоң иш-чараны эки өлкөнүн район жетекчилери достук көпүрө жана райондордун ички өнөр жай тармагынын өнүктүрүү максатында иш алып барышууда.
Ат-Башыда республикалык деңгээлде хоккей оюну уюштурулду
Асель Уркунбаева