Кошой – Коргон – Ат-башы жергесинде 7 кылым мурун пайда болгон байыркы тарыхый эстелик болуп эсептелет. Бул тарыхый эстеликтин тарыхын, ар кандай табылгаларын сактап калуу максатында «Кошой-Коргон» музейи 2007-жылы курулган.
Музей Кошой-Коргон чебинин жанында жайгашкан
Музей 2 бөлүктөн турат
Аталган музей «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун колдоосу менен салынган.
Музей эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө «Кошой-Коргон» шаарчасынан табылган экспонаттар менен жабдылган:монеталар, аскердик жана ат жабдыктары, колдонгон буюмдары жана башкалар бар.
Ал эми экинчи бөлүгү имараттын экинчи кабатында жайгашып, көчмөн маданияттын буюмдары коюлган. Бул жерге жалпы Нарын аймагынан табылган экспонаттар коюлган.
2010-жылы музейдин жанындагы кошумча имаратка көркөм өнөр галереясы уюштурулуп, ал жерге ар кандай көчмөн калктын жашоосун чагылдырган сүрөттөр коюлган.
Музей Улуу Жибек жолунда жайгашып туристтердин дагы кызыгуусун арттырып келет
Кошой-Коргон шаарчасы
Мектеп жамааты этно парк уюштурду
Асель Уркунбаева