Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин иш
менен камсыз кылуу башкармалыгынын башкы адиси Асел Кемелованын
айтымында азыр жумушсуз 101 миң киши, жалпы жумушсуздуктун деңгээли –6,9%. Алардын ичинен 82 миң адам расмий түрдө жумушсуз деп катталган.
КР Улуттук статистика комитетинин сайтында иш менен камсыз кылуу жана
жумушсуздук боюнча кеңири маалыматтын соңкусу 2017-жылы үчүн берилген.
Экономикалык жактан активдүү калк — бул өндүрүү жана кызмат көрсөтүү үчүн
жумушчу күчүнө болгон талапты камсыз кылуучу калктын бөлүгү.
2013-2017-жылдары эмгекке жарамдуу адамдардын саны өскөнү менен
экономикалык жактан активдүү адамдардын саны өсүп атып 2017 -жылы кайра азайа
баштаган.
Экономикалык жактан активдүү калктын саны экономикада иштеген жана жумушсуз
адамдардын бардыгын камтыйт.
Экономикада иштегендердин катарына каралып жаткан убакта акысына жалданып
иштегендер, ошондой эле жалданбастан өз алдынча башка жумушчуларды тартуу
менен же тартпастан эле киреше тапкандар кирет.
Иштегендердин арасына үй-бүлөлүк ишканаларда акысын албай иштегендер,
ошондой эле оорусуна, оорулуу адамды кароого, жылына алуучу өргүүдө же эс алуу
күндөрүндө, окууда, окууга байланыштуу өргүүдө, администрациянын демилгеси же
башка ушул өңдүү себептер менен эмгек акысы сакталбай жана жарым-жартылай
төлөнгөн өргүүдө болгондугуна байла-ныштуу, иште убактылуу болбогон адамдар да
кирет.
Жумушсуздардын катарына жумушу (кирешелүү иши) болбогон, иш менен камсыз
кылуу кызматынын жардамы менен же өз алдынча иш издеп жүргөн, ишке кирүүгө
даяр адамдар кирет.
Расмий түрдө катталган жумушсуздар — иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат
органдарына иш издеп кайрылган, жумуш ишмердигинде эм-гектенбеген, Кыргыз
Республикасында кабыл алынган «Калктын иш менен камсыздуулугу жөнүндө»
Мыйзамына ылайык жумушсуздук статусун алган жарандар. Экономикалык активдүүлүктүн деңгээли — айрым курактык топтун ичинен экономикалык жактан активдүү калктын санынын ушул курактык тобундагы калктын жалпы санына болгон катышы.
Жалпы жумушсуздуктун деңгээли — айрым курактык топтун ичиндеги
жумушсуздардын санынын ушул курактык тобундагы экономикалык жактан активдүү
калктын болгон катышы катары эсептелет.
2013-2017-жылдары 55-69 жаштагы иштеген жарандардын саны өскөн.
Жумушсуз адамдардын саны, жынысы боюнча (миң киши):
Жумушсуз адамдардын саны, билиминин деңгээли боюнча (%):
Катталган жумушсуз адамдардын саны, 2018-жылдын январь айы жана
2019-жылдын май айы ортосундагы мезгилде:
Расмий жумушсуздук деңгээли — расмий түрдө катталган жумушсуздардын санынын
экономикалык жактан активдүү калктын санына болгон катышы катары эсептелет.
Калктын тышкы миграциясы:
Миграция тууралуу статистикалык маалымат жумушсуздук менен миграциянын
пропорциясы тууралуу гипотезага негиз бербеди. Калктын миграциясы жөнүндө
маалымат Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан көрсөтүлгөн, каттоого турууда
жана андан чыгууда адрестик барактар менен бирге толтурулуучу статистикалык
эсепке алуунун келүү жана кетүү талондорун иштеп чыгуунун натыйжасында алынат.
«Келүүчүлөр» жана «кетүүчүлөр» түшүнүктөрү бир кыйла шарттуу түшүнүк, анткени
бир эле адам бир жылдын ичинде жашаган жерин бир нече жолу алмаштырышы
мүмкүн.
Маалымат булагы:
КР Улуттук ститистика комитети. Кыргызстан цифраларда. Бишкек, 2018.
Шилтеме: