2017-жылдан тарта Кыргызстанда “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору жүзөгө ашып келет. Долбоор, Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда багытталып, жалпысынан 37 ири долбоор жүзөгө ашкан. Алдыда алардын бешөөнө токтолобуз.
Айылдарды туруктуу өнүктүрүү by Kasiet Kubanychbbek kyzy on Exposure
Касиет Кубанычбек кызы
Жандандыруу бөлүмү негизги ооруканага улап салынып, заманбап курулуш материалдары менен бүткөрүлгөн. Бул бөлүм оорусу катуу бейтаптар үчүн эсептелгендиктен, кычкылтек станция, ИВЛ жана башка зарыл жабдыктар орнотулган. Ошондой эле операциялык бөлмө жана бейтаптар үчүн 9 койка орундук бар.
Долбоорго ылайык, А корпусунда 3 кабинет жана жандандыруу палатсы курулган. Жаңы суу түтүктөрү жана канализация тармагы өткөрүлгөн. Мындан тышкары, аталган бөлүмгө желдетүү системасы орнотулду. Буга кошумча, иштеп жаткан имараттын кабинеттерин жана коридорун оңдоо жүргүзүлдү.
Спорт мектеби 4 ай мурун ишке кирип, учурда 120 бала эркин күрөш, 30 бала бокс менен машыгууда. Бул аралыкта спортко шыгы бар балдар тандалып, алдыңкылары мелдештерде байгелүү орундарды камсыздоого жетишкен. Алар Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы эл аралык турнирге жана Чүй облусунун Жайыл районундагы классификациялык турнирге катышып, 3 окуучу алдыңкы 3 орунду камсыз кылган.
Бул балдар бакчанын имаратында 40 жыл аралыгында бир да жолу баштан-аяк оңдоо жүргүзүлгөн эмес. Балдар мектепке чейин татыктуу билим алуу үчүн тиешелүү шарттарга муктаж болчу.
2019-жылы бала бакчанын эски шыбактары сыйрылып, кайра шыбоо иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле суу түтүктөрүнүн жаңы тармагы өткөрүлгөн жана жаңы канализациялык тармак жасалган. Бала бакчаны чатыры толук алмаштырып, ошол күнгө чейин колдонулуп келген эски терезелер жана эшиктер жаңы металл-пластиктерге алмаштырылган. Бала бакчаны ондоп-түзөөдөн өткөрүүгө АРИС 9 млн 969 миңден ашык каражатты түзсө, айыл аймактын бюджетинен 339 миңи каржыланган. Калган 9 млн 929 миң сом грант катары АРИСтин “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун негизинде бөлүнгөн.